+ -

عن سَعِيدِ بْنِ الْمُسَيَّبِ، عَنْ أَبِيهِ قَالَ:
لَمَّا حَضَرَتْ أَبَا طَالِبٍ الْوَفَاةُ، جَاءَهُ رَسُولُ اللهِ صلى الله عليه وسلم فَوَجَدَ عِنْدَهُ أَبَا جَهْلٍ وَعَبْدَ اللهِ بْنَ أَبِي أُمَيَّةَ بْنِ الْمُغِيرَةِ، فَقَالَ: «أَيْ عَمِّ، قُلْ: لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ، كَلِمَةً أُحَاجُّ لَكَ بِهَا عِنْدَ اللهِ»، فَقَالَ أَبُو جَهْلٍ وَعَبْدُ اللهِ بْنُ أَبِي أُمَيَّةَ: أَتَرْغَبُ عَنْ مِلَّةِ عَبْدِ الْمُطَّلِبِ، فَلَمْ يَزَلْ رَسُولُ اللهِ صلى الله عليه وسلم يَعْرِضُهَا عَلَيْهِ، وَيُعِيدَانِهِ بِتِلْكَ الْمَقَالَةِ، حَتَّى قَالَ أَبُو طَالِبٍ آخِرَ مَا كَلَّمَهُمْ: عَلَى مِلَّةِ عَبْدِ الْمُطَّلِبِ، وَأَبَى أَنْ يَقُولَ: لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صلى الله عليه وسلم: «وَاللهِ لَأَسْتَغْفِرَنَّ لَكَ مَا لَمْ أُنْهَ عَنْكَ»، فَأَنْزَلَ اللهُ: {مَا كَانَ لِلنَّبِيِّ وَالَّذِينَ آمَنُوا أَنْ يَسْتَغْفِرُوا لِلْمُشْرِكِينَ} [التوبة: 113]، وَأَنْزَلَ اللهُ فِي أَبِي طَالِبٍ، فَقَالَ لِرَسُولِ اللهِ صلى الله عليه وسلم: {إِنَّكَ لا تَهْدِي مَنْ أَحْبَبْتَ وَلَكِنَّ اللهَ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ} [القصص: 56].

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Саъид бин Мусаяб атасынан укканын айтат:
Абу Талибге өлүм сааты келгенде, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кирди. Анын жанында Абу Жахл менен Абдуллах бин Абу Умая бин Мугира бар экен. Анан ага: "О, агам, "Лаа илааха иллаллооху" деген сөздү айтыңыз, Аллахтын алдында сен үчүн буга күбө өтөмүн" - деди. Абу Жахл менен Абдуллах бин Абу Умая болсо: Абдулмутталибдин дининен чанып кетесиңби?! - деди Абу Талибге. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага сунуш кылган сайын, тигилер да айтканын кайталай беришти. Ошентип Абу Талиб акыркы сөзүндө: Абдулмутталибдин дининдемин деп, жан берди. "Лаа илааха иллаллоху" деп айтуудан баш тартты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Аллахка ант болсун, Аллах тыймайынча сага кечирим тилей беремин" - деди. Ошондо Аллах Таала: "Пайгамбарга да, ыймандууларга да мушриктерге кечирим тилөө мүмкүн эмес" (Тобо, 113-аят) деген аятты түшүрдү. Ал эми Абу Талиб тууралуу: "Чынында, сен өзүң каалаган адамды туура жолго сала албайсың, бирок Аллах гана кимди кааласа туура жолго салат" деген аятты түшүрдү (Касас, 56-аят).

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атасы менен бир тууган агасы Абу Талиб жан берерде анын жанына кирип, ага мындай деди: Ага, "Лаа илааха иллаллоху" деңиз, Аллахтын алдында ушул сөзүңө сага күбө өтөм. Абу Жахил менен Абдуллах бин Абу Умая экөөсү: Эй, Абу Талиб, атаң Абдулмутталибдин динин чанып кетесиңби?! - дешти. Анын дини буттарга сыйынуу дини болчу. Ошентип экөө улам кайталап айтып жатып, акырында Абу Талибдин соңку сөзү: Мен Абдулмутталибдин дининдемин деген сөз болду. Ширк жана буттарга сыйынуу дининде (калды). Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Сага кечирим тилеп дуба кылам, Аллах мени мындан тыйганча - деди. Ошондо Аллах Таала бул аятты түшүрдү: "Пайгамбарга да, ыймандуу пенделерге да, мушриктер алардын тууганы болсо деле, алар тозоктун тургундары экени маалым болгондон кийин, аларга кечирим тилөө мүмкүн эмес" (Тобо, 113-аят). Абу Талиб жөнүндө Аллах Тааланын төмөнкү сөздөрү түшкөн: "Чынында, сен өзүң каалаган адамды туура жолго сала албайсың. Бирок Аллах гана кимди кааласа туура жолго салат. Ал туура жолго түшүүчүлөрдү билүүчү" (Касас, 56-аят). Сен туура жолго түшүүсүн самаган адамыңды туура жолго сала албайсың, сенин милдетиң жеткирүү гана. Аллах кимди кааласа аны туура жолго салат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Алардын туугандыгы, амалдары жана жакшылык иштери канчалык көп болбосун, баары бир мушриктерге кечирим тилөө тыюу салынган арам иш.
  2. Ата-бабасынын, аттуу баштуу адамдардын түркөй ишенимдерин берилип ээрчүү - Исламга чейинки жахилият доорундагы адамдардын иштеринен.
  3. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мээримдүүлүгү жана адамдарды үгүттөп, аларды туура жолго салууга болгон ынтызарлыгы.
  4. Бул хадис Абу Талиб Исламды кабыл алган дегендердин сөзүн жокко чыгарат.
  5. Амалдардын жыйынтыгы эң акыркысына каралат.
  6. Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана башкаларга пайда алып келет, же зыянды кетирет - деп байлануунун туура эмес экендигин көрсөтөт.
  7. Ким: "Лаа илааха иллаллооху" (Аллахтан башка ибадатка ылайыктуу кудай жок) деп, илими жана ишеними менен чын жүрөктөн айтса, ал Исламга кирет.
  8. Жаман жана бузуку достун адамга тийгизген зыяны.
  9. "Лаа илааха иллаллох" келмесинин мааниси: буттарга, олуяларга, саалихтерге сыйынууну таштап, ибдатты жалгыз Аллахка гана арноо. Чынында, мушриктер мунун маанисин жакшы билишкен.
  10. Эгерде Исламга киришин үмүт кылса, ооруп жаткан мушрик адамды зыярат кылууга болот.
  11. Бирөөнү туура жолго салуу эч шериги жок Жалгыз Аллахтын колундагы иш. Ал эми Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) милдети туура жолго багыттоо, чакыруу жана жеткирүү гана.
Дагы...