+ -

عَنِ البَرَاءِ بْنِ عَازِبٍ رضي الله عنه أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«المُسْلِمُ إِذَا سُئِلَ فِي القَبْرِ: يَشْهَدُ أَنْ لاَ إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللَّهِ»، فَذَلِكَ قَوْلُهُ: {يُثَبِّتُ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا بِالقَوْلِ الثَّابِتِ فِي الحَيَاةِ الدُّنْيَا وَفِي الآخِرَةِ} [إبراهيم: 27].

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 4699]
المزيــد ...

Бараа бин Аазиб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Мусулман кабырда суралганда: "Лаа илаха иллаллаху Мухаммад расулуллохи " деп күбөлүк берет. Аллах Тааланын: "Аллах Таала ыйандуу пенделерин бул дүйнөдө да, акыретте да бекем сөзгө туруктуу кылат" - деген аятында ушул айтылган" (Ибрахим, 27-аят).

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 4699]

Түшүндүрмө

Пенде кабырында сурак берет. Аны атайын ушул ишке дайындалган эки периште Мункар жана Накир сурак кылат. Алардын ушундай аталышы бир канча хадистерде келген. Ошондо ыймандуу адам: "Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси" деп күбөлүк берет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын төмөнкү аяты ушул жөнүндө экендигин айткан: "Аллах Таала ыймандуу пенделерди бул дүйнө жашоосунда да, акыретте да бекем сөзгө туруктуу кылат" (Ибрахим, 27-аят).

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча الموري Малагасиче Оромочо Каннадача الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Кабырда сурак болору - чындык.
  2. Ыймандуу адамдарды дүйнөдө да, акыретте да туура сөзгө бекем, туруктуу кылганы бул - Аллах Тааланын жакшылыгы.
  3. Тавхид келмеси жана өлүм алдында бул келмени айтып өтүү - улуу иштерден.
  4. Аллах Тааланын ыймандуу адамды бул дүйнөдө бекем кылганы, анын ыйманын бекемдеп, туруктуу түз жолдо сактаганы, өлүм алдында келме менен алганы жана кабырда сурак периштелерге туура жооп бердиргени.
Дагы...