+ -

عَنِ ابْنِ عُمَرَ رضي الله عنهما أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«أُمِرْتُ أَنْ أُقَاتِلَ النَّاسَ حَتَّى يَشْهَدُوا أَنْ لاَ إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ، وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللَّهِ، وَيُقِيمُوا الصَّلاَةَ، وَيُؤْتُوا الزَّكَاةَ، فَإِذَا فَعَلُوا ذَلِكَ عَصَمُوا مِنِّي دِمَاءَهُمْ وَأَمْوَالَهُمْ إِلَّا بِحَقِّ الإِسْلاَمِ، وَحِسَابُهُمْ عَلَى اللَّهِ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Ибн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан:
"Мен адамдар Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок экенине, Мухаммад Аллахтын элчиси экенине күбөлүк бермейинче, намаз окумайынча, зекет бермейинче алар менен согуша берүүгө буйрулдум. Эгер ушуларды аткарышса, анда менден канын жана малын сактап калышат. Бирок Исламдын акысына тиешелүү иштерде андай эмес, анда алардын эсеби Аллахтын колунда".

Сахих (ишенимдүү) - Бардык айтымдарынын ишенимдүүлүгүнө макулдашылган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала аны, мушриктер эч шериги жок жалгыз Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок экенине күбөлүк бермейинче жана Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын элчи экендигине күбөлүк бермейинче, ошондой эле бул күбөлүктөр талап кылган ибаадаттар: күнүмдүк беш убак намазды окумайынча жана татыктууларга зекет бермейинче, алар менен согуша берүүгө буйруганын бяндайт. Мына ушул иштерди аткарышса, анда Ислам алардын канын жана жанын сактайт. Аларды өлтүрүү адал болбойт. Бирок Ислам өкүмү менен өлтүрүүгө акылуу болгон кылмышка барса, анда өлтүрүлөт. Кийин кыяматта алардын ички сырын билген Аллах Таала аларга Өзү өкүм кылат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Өкүмдөр сырткы ачык көрүнгөн иштерге карап жүргүзүлөт, ал эми ички сырларга Аллах Өзү өкүмдар.
  2. Тавхидге чакыруу өтө зарыл, анткени динге чакырууда эң биринчи башталган иш ушул.
  3. Бул хадис мушриктерди динге кирүүдө мажбурлоо керек деген мааниде эмес. Алар динди кабыл кылуу же салык төлөөдө ыктыярдуу болушкан. Эгер алар Исламга чакырууга тоскоол болушса, Ислам өкүмү боюнча алар менен согушуудан башка арга жок.