+ -

عَنْ ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«إنَّ اللَّهَ تَجَاوَزَ لِي عَنْ أُمَّتِي الخَطَأَ وَالنِّسْيَانَ وَمَا اسْتُكْرِهُوا عَلَيْهِ».

[قال النووي: حديث حسن] - [رواه ابن ماجه والبيهقي وغيرهما] - [الأربعون النووية: 39]
المزيــد ...

Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Аллах Таала менин үммөтүмдүн катасын, унутуп жана мажбурланып кылганын кечирди".

-

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала анын үммөтүнүн үч абалын кечирерин айткан: Биринчиси: Каталыктан кылган иштери. Бул атайын жасабаган б.а. бир ишти кылууну максат кылып, бирок натыйжада максат кылбаган ишке кириптер болуп калган учурлары. Экинчиси: Унутуп калуу. Бир ишти кылуу эскертилип, бирок аны кыларда унутуп калган учурлары. Буга да күнөө жазылбайт. Үчүнчүсү: Мажбур жасаган иштери. Өзү кылууну каалабаган ишке мажбурланып, аны кылбай коюуга кудурути жатпеген учурлары. Мында да ага күнөө жазылбайт. Бул хадистеги сөз пенде менен анын Раббисинин ортосундагы тыюу салынган нерсени жасоо жөнүндө болуп жатат. Ал эми буйрук кылынган ибадаттарды унутуп коюу (мисалы: намазды убагында окууну унутуп коюу) бул милдетти түшүрүп салбайт. (Кийин сөзсүз аны толукташы керек). Ошондой эле, эгер адамдын тыюу кылынган ишти жасоосунун натыйжасында башка бирөөгө зыян жетсе, анда бул жерде адамдардын укугу түшпөйт. Мисалы, кимдир бирөө атайлап эмес, кокусунан адам өлтүрүп алса, ага кун (кан акы) милдет болот. Же бирөөнүн машинасын бузуп алса, аны төлөп берет.

Хадистин пайдалары

  1. Жасаса күнөө боло турган бул үч абалда пенделерине күнөө жазбаганы, бул Аллах Тааланын ырайымы жана кечирими кенендигинен.
  2. Мухаммад пайгамбарыбызга жана анын үммөтүнө болгон Аллахтын жакшылыгы.
  3. Күнөө жазылбайт дегени анын өкүмү жана төлөмү да жок деген сөз эмес. Мисалы: бирөө даарат алууну унутуп даараты жок намаз окуп алса, ага күнөө жазылбайт, бирок даарат менен намаз анын моюнунан түшүп калбайт. Ал даарат алып намазын кайра окушу керек.
  4. Күнөөдөн кутулуу үчүн мажбурлануунун (икрах) шарттары сөзсүз болушу керек. Мисалы, мажбур кылып жаткан киши өзүнүн коркутуусун ишке ашырууга кудуреттүү болушу керек.
Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сербче Тажикче Руандача Венгерче Чехче الموري Каннадача الولوف Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية الخميرية
Котормолорду көрсөтүү
Дагы...