+ -

عَنْ زِيَادِ بْنِ لَبِيدٍ رضي الله عنه قَالَ:
ذَكَرَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ شَيْئًا، فَقَالَ: «ذَاكَ عِنْدَ أَوَانِ ذَهَابِ الْعِلْمِ» قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، وَكَيْفَ يَذْهَبُ الْعِلْمُ، وَنَحْنُ نَقْرَأُ الْقُرْآنَ وَنُقْرِئُهُ أَبْنَاءَنَا وَيُقْرِئُهُ أَبْنَاؤُنَا أَبْنَاءَهُمْ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ؟ قَالَ: «ثَكِلَتْكَ أُمُّكَ زِيَادُ، إِنْ كُنْتُ لَأُرَاكَ مِنْ أَفْقَهِ رَجُلٍ بِالْمَدِينَةِ، أَوَلَيْسَ هَذِهِ الْيَهُودُ وَالنَّصَارَى يَقْرَؤونَ التَّوْرَاةَ وَالْإِنْجِيلَ، لَا يَعْمَلُونَ بِشَيْءٍ مِمَّا فِيهِمَا؟!».

[صحيح لغيره] - [رواه ابن ماجه]
المزيــد ...

Зияд бин Лабид, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте ал айтат:
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир нерсени айтып: «Ал илим жок боло турган кезде болот» - деди. Мен айттым: «Оо, Аллахтын Элчиси, илим кандай жок болот. Биз Куран окуйбуз, балдарыбызга да окутабыз жана балдарыбыз да балдарына окутушат. Ушинтип Кыяматка чейин окубайбызбы?». Ал айтты: «Апаң сени жоготкур Зияд! Мен сени Мадинадагы илимдүү кишилерден деп билемин. Чындыгында, яхудийлер жана христиандар Тоорат менен Инжилди окушат эмесби, бирок андагы нерселердин бирин да аткарышпайт?!».

Сахих лигойрихи (башка дагы жакшы айтымы бар жакшы хадис). - Ибн Маажа жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, сахабаларынын арасында отурганда, ал мындай деди: «Бул адамдардан илим көтөрүлгөн кезде болот» - деп айтты. Зияд бин Лабид аль-Ансари, радыяллаху анху, таң калып Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, сурады: Ал айтты: «Бизден илим кантип көтөрүлүп, жоголот? Куранды окуп, жаттап алганбыз. Аллахка ант болсун! Биз аны окуйбуз жана аялдарыбызга, уулдарыбызга жана уулдарыбыздын уулдарына окутабыз». Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, таң калып: «Энең сени жоготкур, Зияд! Мен сени Медина калкынын аалымдарынан деп билем» - деп айтты. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп түшүндүрдү: Илимдин жоголуусу Курандын жоголуусу менен болбойт. Бирок илимди иш жүзүндө аткарууну таштап коюу менен жоголорун айтты. Бул иудейлер жана христиандардын китептери Тоорат жана Инжил китептери. Бирок ал китептер аларга пайда бербейт. Анткени алар китептердин максаттарын туура колдонушкан жок. Ошондой эле анын өкүмдөрүн аткарышкан жок.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Куран китебине амал кылбаса, анда адамдардын колунда Куран китептердин болушу аларга пайда бербейт.
  2. Илимдин көтөрүлүүсү бир канча белгилер менен болот. Анын ичинде: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, өлүмү, аалымдардын өлүмү жана илимди иш жүзүндө аткарууну таштоо менен болот.
  3. Кыяматтын белгилеринин бири – илимдин жок болушу жана ага амал кылуунун ташталышы.
  4. Илим менен амал кылууга чакырууда. Анткени мына ошол чыныгы максат.