+ -

عَنِ ابْنِ عَبَّاسٍ رضي الله عنهما قَالَ:
مَرَّ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِقَبْرَيْنِ، فَقَالَ: «إِنَّهُمَا لَيُعَذَّبَانِ، وَمَا يُعَذَّبَانِ فِي كَبِيرٍ، أَمَّا أَحَدُهُمَا فَكَانَ لاَ يَسْتَتِرُ مِنَ البَوْلِ، وَأَمَّا الآخَرُ فَكَانَ يَمْشِي بِالنَّمِيمَةِ» ثُمَّ أَخَذَ جَرِيدَةً رَطْبَةً، فَشَقَّهَا نِصْفَيْنِ، فَغَرَزَ فِي كُلِّ قَبْرٍ وَاحِدَةً، قَالُوا: يَا رَسُولَ اللَّهِ، لِمَ فَعَلْتَ هَذَا؟ قَالَ: «لَعَلَّهُ يُخَفِّفُ عَنْهُمَا مَا لَمْ يَيْبَسَا».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки мүрзөнүн жанынан өтүп баратып: "Бул экөө азапталып жатат. (Өздөрүнүн оюндагы) чоң эмес күнөө себептүү азапталып жатат. Экөөнүн бири заарасынан тазаланбайт эле. Ал эми экинчиси ушак-айың таратып басып жүрчү" - деди. Анан кургай элек бутакты алып, тең ортосунан жарды да, эки мүрзөнүн ар бирине бир-бирден сайып койду. О, Аллахтын элчиси, эмне үчүн мындай кылдың? - деп сурашты. "Ушул бутактар соолуп калганга чейин аларды азабы жеңилдесе ажеп эмес" деди ал.

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки мүрзөнүн жанынан өтүп баратып, мындай деди: Бул эки мүрзөдөгү адамдар азапталып жатат; силердин көз карашыңарда чоң болбогон, Алланын алдында чоң болгон күнөө себептүү азапталып жатышат, Ал экөөнүн бири кажетин өтөгөн учурда, кийимин да, денесин да заарадан сактоого кам жеген эмес. Экинчиси адамдардын ортосунда ушак таратып жүргөн. Зыян жеткирүү максатында, адамдардын ортосунда келишпестикти жана жек көрүүнү пайда кылуу үчүн бирөөнүн айткан сөзүн бирөөгө айтып келген.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ушак айтуу жана заарадан тазаланбоо чоң күнөөлөрдүн бири жана бул мүрзөдө азапталууга себеп болот.
  2. Аллах Таала пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгынын белги, далили катары, кабыр азабы сыяктуу кээ бир кайып иштерин ачыкка чыгарган.
  3. Бутактарды жарып, кабырлардын үстүнө сайуу, бул пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жеке өзүнө тиешелүү иштерден; анткени Аллах Таала ага тиги эки кабырдагы адамдын абалын билдирди. Башкаларды ага салыштырып кыяс кылууга болбойт. Себеби, эч ким кабырдагы адамдардын абалын билбейт.
Дагы...