+ -

عَنْ أَبِي سَعِيدٍ الخُدْرِيِّ رضي الله عنه أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«إِذَا سَمِعْتُمُ النِّدَاءَ، فَقُولُوا مِثْلَ مَا يَقُولُ المُؤَذِّنُ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Саид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Качан азанды уксаңар, азанчы айткандай кайталап айткыла".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уккан учурда азанчыга жооп берүүгө үндөгөн. Ага жооп берүү анын айтканын сөзмө-сөз кайталап айтуу менен болот. Ал такбир айтканда, анын артынан такбир айтабыз. Күбөлүк келмелерине келгенде, аларды кайталайбыз. (Хаййа алассола, хаййа алалфалах) деген сөздөр гана кайталанбайт. Себеби бул учурда "Лаа хавла ва лаа куввата илла биллах" деп айтылат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Эгер бир канча азанчы болсо, биринчиси бүткөндөн кийин экинчисин ээрчийт. Анткени хадис жалпылай айтылган.
  2. Ажатканада болбосо же ажат өтөп жатпаса, андан башка бардык абалдарында азанчыга жооп берүү керек.
Дагы...