+ -

عن سالم بن أبي الجَعْدِ قال: قال رجل: ليتني صَلَّيتُ فاسترحْتُ، فكأنّهم عابُوا ذلك عليه، فقال: سمعتُ رسولَ الله صلى الله عليه وسلم يقول:
«يا بلالُ، أقِمِ الصَّلاةَ، أرِحْنا بها».

[صحيح] - [رواه أبو داود]
المزيــد ...

Салим бин Абу аль-Жаад риваят кылат: "Бир адам айтты: "Мен намаз окуп, эс алсам гана" - деди эле сахабалар бул үчүн аны айыптагандай болушту. Ошондо ал айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтканын уктум:
"Эй, Билал, намазга чакыр жана намаз менен бизди эс алдыр".

Сахих (ишенимдүү) - Абу Дауд жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Сахабалардан бир киши: "Мен намаз окуп, эс алсам гана" - деди. Анын айланасындагылар аны жемелеп жаткандай болушту. Ошондо ал айтты: "Мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай дегенин уктум: "Эй Билал! Азан айт жана намазга такбир айт! Биз намазда эс алабыз. Себеби анда Аллах Таалага кайрылуу жана рух менен жүрөктүн эс алуусу бар".

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Жүрөктүн эс алуусу намаз аркылуу болот. Анткени анда Аллах Таалага кайрылуу бар.
  2. Ибадаттарга кайдыгер кароодон кайтаруу керек.
  3. Кимде-ким өз милдетин аткарса жана анын жоопкерчилигин өтөсө, анда ал ырахат алат жана бейпилдикти сезет.
Дагы...