عَنْ عَبْدِ اللهِ بنِ مَسْعُودٍ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«أَوَّلُ مَا يُقْضَى بَيْنَ النَّاسِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِي الدِّمَاءِ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 1678]
المزيــد ...

Абдуллах бин Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кыямат күнү адамдар арасындагы иштерден эң биринчи териштириле турганы - кан жөнүндө болот".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 1678]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү адамдардын бири-бирине кылган зулумдугунан эң биринчи өкүм кылына турганы кан тууралуу болорун эскерткен. Мисалы: өлтүрүү, жаракаттандыруу ж.б.

Хадистин пайдалары

  1. Кандын иши оор, анткени (өкүмдүн) башталышы маанилүү нерсе менен башталат.
  2. Күнөөлөр тийгизген зыянына жараша оорлой берет. Жазыксыз жанды кыюу эң оор бузук күнөө. Мындан оор каапырлык менен Аллахка шерик кылуу күнөөлөрү гана бар.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (55)
Дагы...