+ -

عَنْ أَبِي مُوسَى رضي الله عنه قَالَ:
سُئِلَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنِ الرَّجُلِ يُقَاتِلُ شَجَاعَةً، وَيُقَاتِلُ حَمِيَّةً، وَيُقَاتِلُ رِيَاءً، أَيُّ ذَلِكَ فِي سَبِيلِ اللهِ؟ فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ قَاتَلَ لِتَكُونَ كَلِمَةُ اللهِ هِيَ الْعُلْيَا، فَهُوَ فِي سَبِيلِ اللهِ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 1904]
المزيــد ...

Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баатырдыгы үчүн, элин сактоо үчүн, элге көрүнүү үчүн жихадга чыккан адамдардын кимиси Аллах жолунда болот? - деп сурашты. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ким Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн жихад кылса, ошол Аллахтын жолунда болот" - деп жооп берди.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 1904]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар түрдүү максатта согушка чыккан адамдар тууралуу сурашты. Баатырдыгы үчүн, коргонуу үчүн, адамдарга көрүнүү үчүн ж.б. максатта чыккан адамдардын кимиси Аллахтын жолунда болот? деп сурашты. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ким Аллахтын сөзү бийик болсун деп согушса, ошол Аллах жолунда согушка чыккан болорун айтат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Малагасиче Оромочо Каннадача الولوف
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Иш-амалдардын оңдолуусу да, бузулуусу да ниет жана Аллахка болгон ыкластан болот.
  2. Эгерде жихадга чыгуудагы максаты Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн болсо, бирок ага башка максат аралашса, мисалы олжо алуу сыяктуу, бул анын негизги ниетине зыянын тийгизбейт.
  3. Мекенди жана өзүнө тиешелүү нерселерди душмандан коргоо да Аллах жолундагы согуш болуп эсептелет.
  4. Жихадга чыккандар тууралуу айтылган артыкчылыктар, Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн согушкан адамга гана тиешелүү.