+ -

عَنْ أَبِي مُوسَى الأَشْعَرِيِّ رضي الله عنه قَالَ:
أَتَيْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي رَهْطٍ مِنَ الأَشْعَرِيِّينَ أَسْتَحْمِلُهُ، فَقَالَ: «وَاللَّهِ لاَ أَحْمِلُكُمْ، مَا عِنْدِي مَا أَحْمِلُكُمْ» ثُمَّ لَبِثْنَا مَا شَاءَ اللَّهُ فَأُتِيَ بِإِبِلٍ، فَأَمَرَ لَنَا بِثَلاَثَةِ ذَوْدٍ، فَلَمَّا انْطَلَقْنَا قَالَ بَعْضُنَا لِبَعْضٍ: لاَ يُبَارِكُ اللَّهُ لَنَا، أَتَيْنَا رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ نَسْتَحْمِلُهُ فَحَلَفَ أَنْ لاَ يَحْمِلَنَا فَحَمَلَنَا، فَقَالَ أَبُو مُوسَى: فَأَتَيْنَا النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَذَكَرْنَا ذَلِكَ لَهُ، فَقَالَ: «مَا أَنَا حَمَلْتُكُمْ، بَلِ اللَّهُ حَمَلَكُمْ، إِنِّي وَاللَّهِ -إِنْ شَاءَ اللَّهُ- لا أَحْلِفُ عَلَى يَمِينٍ، فَأَرَى غَيْرَهَا خَيْرًا مِنْهَا، إِلَّا كَفَّرْتُ عَنْ يَمِينِي، وَأَتَيْتُ الَّذِي هُوَ خَيْرٌ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 6718]
المزيــد ...

Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Ашари уруусунан бир канча адам болуп Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мингенге улоо сурап бардык. Ал: "Аллахка ант болсун, силерге улоо бере албаймын. Менде силерге бере турган улоо жок" - деди. Арадан бир аз өткөндөн кийин ага олжого түшкөн төө келип калып, аны бизге берүүго буйруду. Биз төөнү алып кетип жатканда бири-бирибизге: Бизди Кудай урду го, Аллахтын элчисине улоо сурап барып ал бизге улоо бербеймин деп Аллахтын атына касам ичип, анан кайра улоо берип койду го деп сөз кылдык. Абу Муса (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Анан Аллахтын элчисине кайра келип оюбузду айттык. Ал: "Силерге төөнү мен берген жокмун, Аллах Таала берди. Аллах кааласа, мен касам ичип кийин андан жакшы ишти көрсөм, касамымды бузуп, жакшы ишти аткара берем" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 6718]

Түшүндүрмө

Абу Муса Ашаринин (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, уруусундагы бир канча адам менен Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келет. Максаты казатка минүү үчүн Аллахтын элчисинен төө суроо эле. Аллахтын элчиси касам ичип, аларга бере турган төө жок экенин айтат. Алар кайтып кетишет. Бир канча убакыт өткөндөн кийин Аллахтын элчисине олжодон түшкөн төөнү алып келишет. Ошол төөнү аларга берет. Төөнү алгандан кийин бири-бирине: бул төөнүн берекеси болбой калат го, анткени Аллахтын элчиси төө бербеймин деп касам ичти эле, андан кийин кайра берип койду дешет. Анан кайра келип мунун жагдайын сурашат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга мындай деди: Силерге төөнү Аллах Таала берди; анткени аны ырыскы кылып, насип кылган Аллах. Мен болгону аны ишке ашырган себепчимин. Анан дагы мындай деп кошумчалады: Аллахка ант болсун, мен Аллах кааласа, кайсы нерсеге кыламын же кылбаймын деп касам ичпейин, касам ичкен нерсеге караганда жакшы ишти көрсөм, жакшы ишти аткарамын. Касамымдан кайтып анын кафаратын аткарам.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Дариче Оромочо
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Айтып жаткан сөздү бекемдөө үчүн ал келечектин иши болсо да ал үчүн касам ичүүгө болот.
  2. Касамдан кийин "Аллах кааласа" деген сөз менен ажыратып айтууга болот. Анткени бул ажыратууну касам менен бирге ниет кылса, экөө чогуу айтылып касамын бузган адамга каффарат болбойт.
  3. Эгерде касам ичкен иишине караганда жакшы, пайдалуу ишти көрсө, касамын бузуп жакшы ишти аткаруу абзел.