+ -

«‌لَيَبْلُغَنَّ ‌هَذَا الأَمْرُ مَا بَلَغَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ، وَلَا يَتْرُكُ اللهُ بَيْتَ مَدَرٍ وَلَا وَبَرٍ إِلَّا أَدْخَلَهُ اللهُ هَذَا الدِّينَ*، بِعِزِّ عَزِيزٍ أَوْ بِذُلِّ ذَلِيلٍ، عِزًّا يُعِزُّ اللهُ بِهِ الإِسْلَامَ، وَذُلًّا يُذِلُّ اللهُ بِهِ الكُفْرَ»* وَكَانَ تَمِيمٌ الدَّارِيُّ يَقُولُ: قَدْ عَرَفْتُ ذَلِكَ فِي أَهْلِ بَيْتِي، لَقَدْ أَصَابَ مَنْ أَسْلَمَ مِنْهُمُ الْخَيْرُ وَالشَّرَفُ وَالْعِزُّ، وَلَقَدْ أَصَابَ مَنْ كَانَ مِنْهُمْ كَافِرًا الذُّلُّ وَالصَّغَارُ وَالْجِزْيَةُ.
[صحيح] - [رواه أحمد]
المزيــد ...

Тамим Дари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:
"Бул дин түндүн караңгылыгы менен күндүн нуру жеткен жердин баарына жетет. Аллах Таала бул динди киргизбеген же ылайдан салынган, же кийизден жасалган үй калбайт. Ал бирөөлөрдү ызаттуу кылса, бирөөлөрдү кор кылат. Исламды кабыл кылгандарды Аллах ызаттуу кылат. Каапыр болгондорду Аллах кор кылат" Тамим Даари айтат: Бул хадисте айтылганды мен өзүмдүн жакындарымдан көрдүм. Алардын арасынан динди кабыл кылгандары жакшылыкка жетип, кадыры артып, ызаттуу болду. Динди кабыл кылбай каапыр болгондору кордук тартып, кор болушуп, салык төлөп калышты.

Сахих (ишенимдүү) - Ахмад жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакында Ислам дини бүт жер бетине жайыларын, түн менен күн жеткен жердин баарына жетерин айткан. Аллах Таала шаардагы, айыл-кыштактагы, атүгүл жайлоодогу үйлөргө чейин бул динди киргизет. Кимде-ким Исламды кабыл кылып, ага ыйман келтирсе, Исламдын ызаты менен ызаттуу болот. Кимде-ким Исламдан баш тартса, ишенбей каапырдык кылса, кор болот.
Хадисти айткан сахаба Тамим Даари (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан бул кабарды турмушта өзүнүн жакындарынан көргөнүн айтат. Жакындарынын арасынан кимиси динди кабыл кылса, ал жакшылыкка жетип, кадыр-барктуу болуп ызатка ээ болду. Ал эми динди кабыл кылбагандары кор болушту. Анткени, алар салык катары мусулмандарга мал-мүлкүнөн төлөп жашашкан.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Португалча Свахиличе Тайландча Ассамча Щведче Амхарча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Хадисте мусулмандарга чоң сүйүнчү кабар: жакын арада алардын дини бүт ааламга жайылары айтылган.
  2. Ызаттуулук Исламда жана мусулмандарда. Кордук баш ийбестикте жана каапырлыкта.
  3. Бул хадис пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгына анык далил. Анткени, анын алдын ала айтканы ишке ашты.
Дагы...