+ -

«إِذَا شَكَّ أَحَدُكُمْ فِي صَلَاتِهِ، فَلَمْ يَدْرِ كَمْ صَلَّى ثَلَاثًا أَمْ أَرْبَعًا، فَلْيَطْرَحِ الشَّكَّ، وَلْيَبْنِ عَلَى مَا اسْتَيْقَنَ، ثُمَّ يَسْجُدُ سَجْدَتَيْنِ قَبْلَ أَنْ يُسَلِّمَ*، فَإِنْ كَانَ صَلَّى خَمْسًا شَفَعْنَ لَهُ صَلَاتَهُ، وَإِنْ كَانَ صَلَّى إِتْمَامًا لِأَرْبَعٍ كَانَتَا تَرْغِيمًا لِلشَّيْطَانِ».
[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Абу Саид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Эгерде силерден бирөөңөр намаз окуп жатып үч рекетпи же төрт рекетпи окуганын билбей шектенип калса, шектенип турганын эмес, анык болуп турганын улантып окуй берсин. Анан намаздын акырында салам берүүдөн мурда эки жолу сажда кылсын. Эгер беш рекет кылып бир рекет ашыкча окуп алса, ошол эки сажда менен ал жуп болуп калат. А эгер төрт рекет болуп намаз так болуп калса, анда эки сажда шайтанга сокку болот".

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер намаз окуп жаткан адам үчүнчү рекетти окудумбу же төртүнчү рекетти окудумбу деп эки анжы ойдо калса, күмөнсүрөп жатканын, тагыраагы төртүнчү рекет деген оюн таштап, анык болгон үчүнчү рекетти окудум деген ойго токтоп, анан дагы бир рекет кошуп окусун, акырында кошумча эки сажда кылсын деп айткан.
Эгер төртүнчү рекетти окуган болсо, анда кошуп окуган рекети бешинчи болуп, бир рекет ашыкча болот. Анын артынан аткарылган кошумча эки сажда бир рекет намаздын ордуна эсептелип, намазы алты рекет б.а. так эмес, жуп намаз болуп жарактуу болот. Эгерде кошумча окуган бир рекети менен биригип намазы төрт рекет болсо, анда ашык-кеми жок төрт ирекет намазын окуган болот.
Ал эми намаздын соңундагы эки кошумча саждасы шайтанды кор кылып, аны максатынан куру калтырган курал болот. Анткени, шайтан пендени намаздан алагды кылды, намазын бузууга аракет кылды, бирок пенде Аллахтын буйругун аткарып, убагында Ибилис Адамга сажда кылбай күнөөкөр болгон эки сажданы аткарып намазын кайра оңдоп алды.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Португалча Свахиличе Тайландча Ассамча Щведче Амхарча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Намаз окуп жаткан адам канчанчы рекетти окуп жатканын билбей эки анжы болуп калса, шектүүнү таштап, шеги жокту б.а. рекеттин азын алып, намазын уланта берет. Акырында салам бербей туруп, эки жолу кошумча сажда кылат.
  2. Бул эки сажда намазды өз калыбына келтирүүнүн жолу жана шайтанды кор кылып, максатынан алыстатуу.
  3. Хадисте айтылып жаткан шек бул эч кандай аныктыгы жок эки анжылыкка тиешелүү. А эгер шек пайда болуп бирок аныктык басымдуулук кылып турса, анда басымдуу болгонун аткара берет.
  4. Шарият буйруктарын аткаруу менен шайтандын васваса азгырыгын кубалоого болот.
Дагы...