+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال:
أَتَى النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ رَجُلٌ أَعْمَى، فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ، إِنَّهُ لَيْسَ لِي قَائِدٌ يَقُودُنِي إِلَى الْمَسْجِدِ، فَسَأَلَ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنْ يُرَخِّصَ لَهُ فَيُصَلِّيَ فِي بَيْتِهِ، فَرَخَّصَ لَهُ، فَلَمَّا وَلَّى دَعَاهُ، فَقَالَ: «هَلْ تَسْمَعُ النِّدَاءَ بِالصَّلَاةِ؟» فَقَالَ: نَعَمْ، قَالَ: «فَأَجِبْ».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактооосу болсун) сокур адам келип: "О, Аллахтын элчиси, мен мечитке жетелеп келе турган адам жок болуп жатат" - деп Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага намазды үйүндө окууга уруксат сурады. Ага уруксат берди. Ал кайрылып кетип бара жатканда, кайра чакырып: "Намазга айтылган азанды угасыңбы?" - деп сурады. "Ооба" - деди тиги киши. "Анда ага жооп бер" - деди.

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Көзү көрбөгөн киши пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "О, Аллахтын элчиси, мага жардам берип, мени беш убак намазга мечитке алып келе турган эч ким жок" - дейт. Б.а. ал пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага жамаатка келбей эле коюуга уруксат берүүсүн каалаганын билдирет. Ага уруксат берет. Ал кетип бара жатканда кайра чакырып, намазга чакырган азанды угасыңбы деп сурайт. "Ооба" - дейт ал. "Анда азанга жооп кылып мечитке келгин" - дейт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Намазды жамаат менен окуу важиб. Анткени важиб жана лаазым иштерден гана уруксат суралат.
  2. Азанды уккан адамга карата айтылган "Жооп бер" деген сөзү намазды жамаат менен окуунун важибтигине далил. Анткени буйрук важибге негизделген.