+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«خَيْرُ صُفُوفِ الرِّجَالِ أَوَّلُهَا، وَشَرُّهَا آخِرُهَا، وَخَيْرُ صُفُوفِ النِّسَاءِ آخِرُهَا، وَشَرُّهَا أَوَّلُهَا».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 440]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Эркектер үчүн саптардын эң жакшысы - алдыңкылары. Эң жаманы - арткылары. Аялдар үчүн саптардын эң жакшысы - арткылары. Эң жаманы - алдыңкылары".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 440]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: эркектер үчүн намазда турганда саптардын эң жакшысы жана сообу көбү биринчи саптар; себеби имамга жакын болуп, ал окуган Куранды угат жана арттагы аялдардын сабынан алыс болот. Саптын жаманы, сообу азы жана шарияттын талабынан четте калганы - саптардын акыркысы. Аялдар үчүн саптардын эң жакшысы - акыркысы. Анткени акыркы сап аялдар үчүн жашыруун, эркектерге аралашып калуудан, аларды көрүүдөн оолагыраак болот. Ал эми алар үчүн саптардын эң жаманы - алдыңкы сап. Анткени алдыңкы сапта эркектерге жакын болуп, фитна пайда болуусу мүмкүн.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Литвача Румынча Малагасиче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Эркектерди таат-ибадат кылууга шашылууга, намазда алдыңкы саптарга жетишип барууга үндөгөн.
  2. Аялдарга эркектер менен бирге мечитте намаз окууга уруксат. Бирок жабык кийимчен, уяттуулук менен эркектердин артында өзүнчө сапта турууга тийиш.
  3. Аялдар мечитте жамаат менен намаз окуса, эркектер сыяктуу эле араларында ачык калтырбай, катар тизилип сапка туруп намаз окушат.
  4. Бул хадистен эркектер менен аялдарды бири-биринен алыс болууга үндөгөн шарияттын камы канчалык катуу экенин көрөбүз. Шарият алтургай ибадат кылына турган орундарда да эркек менен аялдын аралашуусуна жол бербейт.
  5. Адамдар кылган амалдарына жараша бири-биринен артык болот.
  6. Ан-Навави минтип айткан: Хадисте айтылган эркектердин сабы бардык учурга тиешелүү. Саптардын биринчиси дайыма жакшы. Акыркысы дайыма жаман. Ал эми хадистеги аялдардын сабы, мечитке барып эркектер менен бирге намаз окуган аялдарга гана тиешелүү. Эгерде аялдар өзүнчө намаз окуса, анда эркектер сыяктуу эле алардын да биринчи сабы эң жакшы сап, акыркы сабы эң жаманы болот.
  7. Имам ан-Навави дагы минтип айткан: Хадисте жакшы сап деп макталып айтылган, анда турууга үндөлгөн сап имамдын артындагы сап; ал сапка турган адам эртелеп келдиби же кеч келдиби айырмасы жок.