+ -

كَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَسِيرُ فِي طَرِيقِ مَكَّةَ، فَمَرَّ عَلَى جَبَلٍ يُقَالُ لَهُ جُمْدَانُ، فَقَالَ: «سِيرُوا هَذَا جُمْدَانُ، @سَبَقَ الْمُفَرِّدُونَ*» قَالُوا: وَمَا الْمُفَرِّدُونَ يَا رَسُولَ اللهِ؟ قَالَ: «الذَّاكِرُونَ اللهَ كَثِيرًا وَالذَّاكِرَاتُ».
[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсу) Меккенин жолунда бара жатып, Жумдан деп аталган тоонун жанынан өткөндө: "Баскыла! Бул Жумдан тоосу. Өзүнчө жүргөндөр алдыга озуп кетти" - деди. Сахабалар: "О, Аллахтын элчиси, өзүнчө жүргөндөр деген кимдер?" - деп сурашты. Ал: "Аллахты көп эстеген эркектер менен аялдар" - деди.

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахты көп эстеген адамдардын даражасын баяндап, алар башкаларды артында калтырып, жалгыздап, бейиштин бийик даражаларына озуп кетти деп айтат. Алардын жалгыздап кеткенин Жумдан тоосуна салыштырат. Анткени, Жумдан тоосу айланасында башка тоо жок жалгыз тоо болчу.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Тайландча Ассамча Щведче Амхарча Йорубача Дариче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллахты көп эстеп зикир кылып, ошону менен алек болуу жакшы. Себеби, бул дүйнөдө көп ибадат кылуу, ибадатты калыс Аллахка аткаруу акыретте адамдардан алдыда болууга жана даражасы көтөрүлүүгө шарт түзөт.
  2. Аллахты зикр кылуу тилдин өзү менен, же жүрөктүн өзү менен же тил менен да, жүрөк менен да болот.
  3. Шариятта такай айтылып жүрчү зикирлерге эртең менен жана кечинде айтылчу зикирлер, беш убак парз намаздан кийин айтылчу зикирлер ж.б. кирет.
  4. Навави (ага Аллах ырайым кылсын) айтат: Зикир кылуунун артыкчылыгы тасбих, тахлил, тамхид же такбир менен эле чектелип калбайт. Аллахка баш ийип, Ага ибадат кылгандын баары зикир кылуучу болуп эсптелет.
  5. Аллахты зикир кылуу сөзүндө жана ишинде туруктуу болуунун негизги себептеринин бири. Аллах Таала минтип айткан: "Эй, ыймандуу пенделер! (Душмандар) менен беттешсеңер, буттан тайбай бекем тургула. Аллахты көп эстегиле! Балким, ийгиликке жетээрсиңер" (Анфал, 45-аят).
  6. Аллахты зикир кылгандарды Жумдан тоосуна окшотуунун себеби, жалгыздык жана обочолонуп бөлүнүү эле. Жумдан тоосу айланасында башка тоо жок, обочолонгон жалгыз тоо болчу. Ошол сыяктуу Аллахты зикир кылган адам өзү элдин арасында жүрсө да, анын тили, жүрөгү, жалгыздап, башкалардан обочолонуп Аллахты зикир кылуу менен алек болот. Бош убагын текке кетирбейт, элге көп аралашуудан алыс болот. Ошондой эле окшотуунун дагы бир себеби, зикир кылуу динде бекем болууга себеп. Ошол сыяктуу жердин бекем туруусуна тоо себеп болот. Ошондой эле дүйнө жана акырет жакшылыгында алдыда болууну окшоштурган. Мисалы: Мадинадан Меккеге жолго чыккан адам Жумдан тоосуна жеткенде анын Меккеге жеткени белгилүү, демек Жумданга жеткен адам, Меккеге биринчилерден болуп жеткен болот. Ошол сыяктуу Аллахты көп зикир кылган адам башкалардан алдыда болот. Туурасын Аллах билет.