+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«يَعْقِدُ الشَّيْطَانُ عَلَى قَافِيَةِ رَأْسِ أَحَدِكُمْ إِذَا هُوَ نَامَ ثَلاَثَ عُقَدٍ يَضْرِبُ كُلَّ عُقْدَةٍ عَلَيْكَ لَيْلٌ طَوِيلٌ، فَارْقُدْ، فَإِنِ اسْتَيْقَظَ فَذَكَرَ اللَّهَ، انْحَلَّتْ عُقْدَةٌ، فَإِنْ تَوَضَّأَ انْحَلَّتْ عُقْدَةٌ، فَإِنْ صَلَّى انْحَلَّتْ عُقْدَةٌ، فَأَصْبَحَ نَشِيطًا طَيِّبَ النَّفْسِ، وَإِلَّا أَصْبَحَ خَبِيثَ النَّفْسِ كَسْلاَنَ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 1142]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
“Силерден ким болбосун уйкуга жаткан учурда шайтан желкесине үч түйүн түйөт. Ар бир түйүндү түйүп жатып "Алдыда узун түн бар, уктай бер деп түйгөн жерине урат. Эгер ал ойгонуп, Аллахты эстесе, түйүндөрдүн бири чечилет. Эгер даарат алса, экинчи түйүн чечилет. Эгер намаз окуса, акыркысы да чечилип, эртең менен сергек турат жана маанайы ачык жүрөт. А эгер андай кылбаса, маанайы жок, илең-салаң ойгонот”

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 1142]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шайтандын абалы жана түнкү же багымдат намазына турууну каалаган адам менен болгон күрөшү тууралуу кабар берет.
Мусулман киши уйкуга жатканда, шайтан анын желкесине үч түйүн түйөт.
Ал түн ичинде ойгонуп, шайтандын азгырыгына карабай Аллахты зикир кылса, бир түйүн чечилет.
Эгер даарат алса, экинчи түйүн чечилет. .
Эгер туруп намаз окуса, үчүнчү түйүнү да чечилет. Аллах Таала ага таат-ибадат кылууга ийгилик бергенине, сооп-сый жана кечиримди убада кылганына сүйүнп, эртең менен сергек, маанайы жарык абалда ойгонот. А эгер намазга турбаса, маанай жок, жүрөгү кабатырланып, жакшы амалдарды аткарганга жалкоолонуп илең-салаң болуп турат. Анткени, ал шайтандын түйүндөрүнө байланып, Аллахтын ырайымынан оолактап калат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча Малагасиче Оромочо
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Шайтан инсанды Аллахка ибадат кылуудан алагды кылуу үчүн анын ар бир жолунда желип жүрөт. Инсан коргонуучу себептерди кылып, Аллахтын сактоосун суранып, Андан жардам суроо менен гана шайтандан сактана алат.
  2. Аллахты эстөө жана Ага ибаадат кылуу адамды сергек кылып, маанайын жарытып, жалкоолукту, ышкоолукту кетирип, кайгыдан жана жек көрүүдөн арылтат. Анткени, Аллахты зикир кылып, ибадат кылуу шайтанды кубалайт.
  3. Ыймандуу адам Аллах Таала ага ибадат кылууга ийгилик бергенине кубанат. Пазилет жана толуктуктун эң жогорку даражаларына жетүү жолунда кетирген кемчиликтерине кайгырат.
  4. Таат-ибадаттан капылет болуу жана ыкшоолук кылуу - бул, шайтандын иши жана анын кооз көрсөтүүсүнүн натыйжасы.
  5. Мына ушул үч иш, Аллахты зикир кылуу, даарат алуу жана намаз окуу - шайтанды кууйт.
  6. Шайтан түйүндөрүн адамдын желкесине түйгөнү, ал жер күчтүн борбору жана башкаруу талаасы. Эгер ошол жерине түйүн түйүп алса, адамдын рухун башкарып, уйкуга батыра алат.
  7. Ибн Хажар Асакаланий минтип айткан: "Сенин түнүң узун" деп түндү айтканы, хадис түнкү уйкуну айтып жатканын билдирет.
  8. Ибн Хажар Аскалани дагы минтип айткан: Аллахты зикир кылууга атайын дайындалган зикир жок, зикир деп айтылган сөздөрдүн баары жарактуу болот. Мисалы ага Куран окуу, хадис окуу, башка шарият илимдерин окуу, ж.б. Булардын эң жакшысы пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадисинде айтылгандай (дуба кылуу): "Кимде-ким түндө ойгонуп "Лаа илаха иллал-лааху вахдаху лаа шариика лах, лахул мулку ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайиң кодир. Алхамду лиллаах, ва субхааналлах, ва лаа илааха иллал-лааху, валлаху акбар, ва лаа хавла ва лаа куввата илла биллах" деп, анан: Аллахым, мени кечир десе, же башка дуба кылса, дубасы кабыл болот. Эгер даарат алып намаз окуса намазы кабыл болот".(Бухари).
Дагы...