لَقِيتُ ثَوْبَانَ مَوْلَى رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقُلْتُ: أَخْبِرْنِي بِعَمَلٍ أَعْمَلُهُ يُدْخِلُنِي اللهُ بِهِ الْجَنَّةَ؟ أَوْ قَالَ قُلْتُ: بِأَحَبِّ الْأَعْمَالِ إِلَى اللهِ، فَسَكَتَ. ثُمَّ سَأَلْتُهُ فَسَكَتَ. ثُمَّ سَأَلْتُهُ الثَّالِثَةَ فَقَالَ: سَأَلْتُ عَنْ ذَلِكَ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: @«عَلَيْكَ بِكَثْرَةِ السُّجُودِ لِلَّهِ، فَإِنَّكَ لَا تَسْجُدُ لِلَّهِ سَجْدَةً، إِلَّا رَفَعَكَ اللهُ بِهَا دَرَجَةً، وَحَطَّ عَنْكَ بِهَا خَطِيئَةً»* قَالَ مَعْدَانُ: ثُمَّ لَقِيتُ أَبَا الدَّرْدَاءِ فَسَأَلْتُهُ فَقَالَ لِي: مِثْلَ مَا قَالَ لِي: ثَوْبَانُ.
[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...
Маъдан бин Абу Талха Йаъмари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кызматчысы Савбанга жолугуп: Анын себеби менен Аллах мени бейишке киргизе турган амалды айтчы? - деп айттым. Же Аллахка эң сүйкүмдүү амалды айтчы деп сурадым окшойт. Ал унчукпай койду. Мен дагы сурадым. Ал бул жолу да унчукпады. Үчүнчү жолу сураганымда, ал: Бул амал тууралуу Аллахтын элчисинен мен да сураганмын. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таалага көп сажда кылгын. Сажда кылганың сайын сенин даражаңды көтөрүп, катаңды өчүрөт". Маъдан айтат: Кийин Абу Дардага жолугуп, андан сурасам, ал да: Мага Савбан ушинтип айткан - деди.
Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.
Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейишке кирүүгө себеп боло турган же Аллах Таалага сүйкүмдүү болгон амал тууралуу сурашты.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Көбүрөөк сажда кылууга аракет кыл. Сен Аллахка ар бир сажда кылганыңда, ал үчүн сенин даражаңды көтөрүп, күнөөңдү өчүрөт - деди.