+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«مَنْ قَالَ: سُبْحَانَ اللهِ وَبِحَمْدِهِ، فِي يَوْمٍ مِائَةَ مَرَّةٍ، حُطَّتْ خَطَايَاهُ وَإِنْ كَانَتْ مِثْلَ زَبَدِ الْبَحْرِ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Кимде-ким: "Субханаллоохи ва бихамдихи" деп күнүнө жүз жолу айтса, күнөөлөрү деңиз толкунунун көбүгүндөй көп болсо да кечирилет".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким бир күндө жүз жолу "субханаллохи ва бихамдихи" деп айтса, анын каталары өчүрүлүп жана кечирилерин кабарлаган. Эгер анын күнөөлөрү албууттанып толкундаган деңиздин бетинде пайда болгон ак көбүктөрдөй көп болсо дагы.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Мындай сооп бул сөздү күндө катары менен айткан адамга да, бөлүп-бөлүп айткан адамга да берилет.
  2. Тасбих: Аллах Тааланы кемчиликтен таза деп аруулоо. Ал эми тахмид: Аллах Тааланы сүйүү жана улуктоо менен Анын кемелдүүлүгүн сыпаттоо.
  3. Хадисте айтылган күнөөлөр кичине күнөөлөр. Ал эми чоң күнөөлөр тообо кылуу менен гана кечирилет.