+ -

عَن ابْنِ عُمَرَ رضي الله عنهما:
أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَرْفَعُ يَدَيْهِ حَذْوَ مَنْكِبَيْهِ إِذَا افْتَتَحَ الصَّلَاةَ، وَإِذَا كَبَّرَ لِلرُّكُوعِ، وَإِذَا رَفَعَ رَأْسَهُ مِنَ الرُّكُوعِ، رَفَعَهُمَا كَذَلِكَ أَيْضًا، وَقَالَ: «سَمِعَ اللَّهُ لِمَنْ حَمِدَهُ، رَبَّنَا وَلَكَ الحَمْدُ»، وَكَانَ لاَ يَفْعَلُ ذَلِكَ فِي السُّجُودِ.

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 735]
المزيــد ...

Ибн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды баштаганда эки колун эки ийининин тушуна чейин көтөрчү. Рүкү кылуу үчүн такбир айтканда, рүкүдөн башын өйдө кылганда эки колун ошондой көтөрчү. Анан: "Самиъа Аллаху лиман хамидах, роббанаа лакал хамду" деп айтчу. Саждада мындай кылчу эмес.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 735]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазда үч учурда колун ийин тушуна чейин: далы менен акырек сөөгүнүн тушуна чейин көтөргөн.
Биринчи учур: намазды баштагандагы биринчи такбирде
Экинчиси: рүкүгө эңкейгендеги такбирде
Үчүнчүсү: рүкүдөн башын көтөргөндө. Ушул учурда: Самиъа Аллаху лиман хамидах, роббанаа ва лакал хамд деп айткан.
Сажда кыларда да, саждадан өйдө болордо да колун көтөргөн эмес.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Малагасиче Оромочо Каннадача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Намазда колун көтөрүүнүн сыры - намазга кооздук жана Аллах Тааланы улуктоо.
  2. Мындан сырткары Абу Хумайд ас-Саъидинин Абу Дауд ж.б. айтылган хадисинде пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дагы бир учурда колун көтөргөнү айтылган. Бул үч жана төрт ирекеттүү намаздарда биринчи ташахуддан турган учур.
  3. Дагы пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) колдорун кулак түшуна чейин көтөргөнү бирок кулагына тийгизбегени айтылган. Маалик бин Хувайристин эки ишенимдүү хадистер топтомунда айтылган хадисинде: "Аллахтын элчиси (Аллаху Акбар деп) такбир айтканда эки колун кулактарынын тушуна чейин көтөргөн" деп айтылат.
  4. Самиъа Аллаху лиман хамидах деп айтуу имамга анан өзү жалгыз намаз окуган кишиге тиешелүү. Ал эми имамга уюган киши: Роббана ва лакал хамду деп айтат.
  5. Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтылган "Роббана ва лакал хамду" деген сөз төрт түрдө айтылат. Бири ушул. Жакшысы бул дубаны жана башкасын билип билип, кээде бирин, кээде башкасын айтып туруу керек.
Дагы...