عن عَائِشَةَ رضيَ الله عنها قالت: إِنِّي سمعْتُ رسولَ الله صلى الله عليه وسلم يقول:
«لَا صَلَاةَ بِحَضْرَةِ الطَّعَامِ، وَلَا هُوَ يُدَافِعُهُ الْأَخْبَثَانِ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 560]
المزيــد ...

Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:
"Тамак келгенде намаз болбойт жана эки нажас келип калган абалда туруп да намаз окулбайт".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 560]

Түшүндүрмө

Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тамак келгенде намаз окуудан тыйган. Анткени намаз окуп жаткан адам тамакты эңсеп, жүрөгү ага байланып калат.
Ошол сыяктуу эле Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки нажасты; чоң заара жана кичи заара келген абалда намаз окуудан тыйган. Анткени андай учурда намаз окуучу дааратын кармоо менен алек болуп калат.

Хадистин пайдалары

  1. Намаз окуучу намазын баштаардан алдын намаз учурунда аны алаксыта турган нерселердин баарын алып салышы керек.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (59)