عن أبي موسى رضي الله عنه أن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«لا نِكَاحَ إِلّا بِوَليٍّ».

[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي وابن ماجه وأحمد] - [سنن أبي داود: 2085]
المزيــد ...

Абу Муса (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Валий (4) болбосо нике болбойт".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан Абу Дауд - 2085]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялдын никесинде валий жок болсо никеси жараксыз экенин баяндады.

Хадистин пайдалары

  1. Валийдин никеде болушу никенин жарактуу болушунун шарты болуп саналат. Ошондуктан эгерде аялдын валийи жок болсо, же аял өзү эле нике кыйдырып алса, анда никеси жарабайт.
  2. Валий аялга эң жакын эркек туугандарынан болот. Ошондуктан аялдын жакын туугандарынан болгон валийи бар болсо, анда алыс туугандарынан болгон валийи аны никелеп турмушка бере албайт.
  3. Валий болуунун шарттары: валий шарият өкүмдөрүн аткара алышы, эркек киши болуусу, никенин жол-жобосун айырмалап билүүсү жана аял менен валийдин дини бир болушу керек. Кимде-ким бул сапаттар менен мүнөздөлбөсө, анда никеде валий болууга жарактуу эмес.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (58)