عن أنس بن مالك رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«يَسِّرُوا وَلَا تُعَسِّرُوا، وَبَشِّرُوا وَلَا تُنَفِّرُوا».
[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 69]
المزيــد ...
Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Жеңил көрсөткүлө, оор кылбагыла, сүйүнчүлөгүлө, качырбагыла!"
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 69]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дин жана дүнүйө иштеринин баарында адамдарга жеңил, оңой кылууга, аларга оор келтирбөөгө буйруган. Бул Аллах Таала шарият кылган жана мубах (аткарылуусу ыктыярдуу) болгон иштердин чегине тиешелүү.
Ошондой эле жакшы иштерди айтып сүйүнчүлөөгө кызыктырып, мындай иштерден аларды качырбоого үндөгөн.