+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«أَكْمَلُ الْمُؤْمِنِينَ إِيمَانًا أَحْسَنُهُمْ خُلُقًا، وَخَيْرُكُمْ خَيْرُكُمْ لِنِسَائِهِمْ».

[حسن] - [رواه أبو داود والترمذي وأحمد] - [سنن الترمذي: 1162]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар".

[Хасан (жакшы)] - [Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 1162]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен ыйманы толугу кулк-мүнөзү жакшысы экенин айткан. Кулк-мүнөздүн жакшылыгы жарык маанайда болуу, жакшылыктарды кылуу, сылык-сыпаа сүйлөө жана эч кимге зыян бербөө менен билинет.
Ошондой эле ыймандуулардын жакшысы аялдарга жакшы мамиле кылгандары экенин айткан. Б.а. аялына, кызына, эже-карындашына, жакын аял туугандарына жакшылык кылуусу керек. Анткени адамдардын арасынан алар жакшы мамилеге муктажыраак болушат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче Украинче الجورجية المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Жакшы кулк-мүнөздүн артыкчылыгы, анткени ал ыймандан болуп эсептелет.
  2. Иш-аракеттер ыймандан болуп эсептелет, ыйман көбөйөт жана азаят.
  3. Ислам дини аял-затынын сый-урматын көтөрөт жана аларга жакшылык кылууга үндөйт.
Дагы...