+ -

عن عائشة رضي الله عنها زوج النبي صلى الله عليه وسلم عن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«إِنَّ الرِّفْقَ لَا يَكُونُ فِي شَيْءٍ إِلَّا زَانَهُ، وَلَا يُنْزَعُ مِنْ شَيْءٍ إِلَّا شَانَهُ».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялы Аиша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Кайсы иште жумшактык болсо, ал ишти көркүнө чыгарат. Кайсы иште жумшактык болбосо, анын көркү кетет".

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөздөгү жана иштеги кичи пейилдик, жумшактык жана шашылбоо иштин жакшы, кооз, толук болуусуна жана муктаждыктын оңой бүтүүсүнө себеп болорун айткан.
Ал эми сөздө же иште жумшактыктын жоктугу ишти айыптуу жана жаман көрсөтүп, муктаждыктын оңой бүтүүсүнө тоскоол болот, бүтсө да кыйынчылык менен бүтөт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Жумшактыкты кулк-мүнөзгө калыптандырууга кызыктыруу.
  2. Жумшактык адамдын көркү, ал дүйнө жана акырет иштериндеги бардык жакшылыктын себеби.
Дагы...