عن أنس بن مالك رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«إِنَّ اللهَ لَيَرْضَى عَنِ الْعَبْدِ أَنْ يَأْكُلَ الْأَكْلَةَ فَيَحْمَدَهُ عَلَيْهَا، أَوْ يَشْرَبَ الشَّرْبَةَ فَيَحْمَدَهُ عَلَيْهَا».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2734]
المزيــد ...

Анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Тамактанып анан Ага (Аллахка) алкыш-мактоо айткан же суусундук ичип анан Ага алкыш мактоо айткан адамга Аллах Таала ыраазы болот".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2734]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пенденин Раббисине Анын берешендиги жана берген нээматы үчүн мактоо айтуусу Аллах Тааланын ыраазылыгына жеткире турган иштерден экенин баяндаган. Тамактангандан кийин "алхамду лиллах" дейт, суусундук ичкенден кийин да "алхамду лиллах" дейт.

Хадистин пайдалары

  1. Ырыскы менен сыйлап, анан кайра ага айтылган мактоого ыраазы болуу Аллах Тааланын берешендигинен.
  2. Аллахтын ыраазылыгына оңой эле себептер менен жетүүгө болот, жеп жана ичкенден кийин алкыш-мактоо айтуу сыяктуу.
  3. Жеп, ичкенден кийин дароо Аллах Таалага мактоо айтуу - тамактануу жана суусундук ичүүнүн адептеринен болуп саналат.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (63)
Дагы...