عن عائشة رضي الله عنها قالت: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول:
«إنَّ المُؤْمِنَ ليُدرِكُ بِحُسْنِ خُلُقِهِ دَرَجَةَ الصَّائِمِ القَائِمِ».

[صحيح بشواهده] - [رواه أبو داود وأحمد] - [سنن أبي داود: 4798]
المزيــد ...

Айша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:
"Чынында, ыймандуу адам жакшы кулк-мүнөзү менен (күндүзү) орозо туткан, (түнү) намаз окуган адамдын даражасына жетет".

[Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис)] - [Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан Абу Дауд - 4798]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөздүн жакшылыгы дайыма күндүзү орозо кармап, түнү намазга туруп жүргөн адамдын даражасына жеткирерин баяндаган. Жакшы кулк-мүнөз жакшылыкты көп кылуу, сылык-сыпаа сүйлөө, маанайын ачык алып жүрүү, эч кимге зыян тийгизбөө жана адамдардын зыянына чыдоо ж.б. ичине алат.

Хадистин пайдалары

  1. Адеп-ахлактуулукка тарбиялоо жана ахлакты толуктоо Ислам камкордугунун улуктугун билдирет.
  2. Жакшы кулк-мүнөздүүлүктүн артыкчылыгы. Пенде жакшы мүнөзү менен ооз ачпаган орозо тутуучунун, чарчабаган намаз окуучунун даражасына жетет.
  3. Күндүзү орозо кармоо, түнү намазга туруу напсиге оор келген иштер, бул экөөнүн даражасына жакшы мамилеге напсисин тарбиялаганы үчүн кулк-мүнөзү жакшы адам гана жете алат.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (63)
Дагы...