+ -

عن عبد الله بن عمرو رضي الله عنهما قال:
لَمْ يَكُنِ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَاحِشًا وَلَا مُتَفَحِّشًا، وَكَانَ يَقُولُ: «إِنَّ مِنْ خِيَارِكُمْ أَحْسَنَكُمْ أَخْلَاقًا».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 3559]
المزيــد ...

Абдуллах бин Амр (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаман сөз сүйлөгөн эмес жана андайга жол берген эмес. Ал: " Силердин жакшыңар - ахлагыңар жакшыңар" - деп айтчу.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 3559]

Түшүндүрмө

Жаман сүйлөө же жаман иш кылуу пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ахлагынан эмес. Ал мындайды максат да кылган эмес, мындайга макул да болгон эмес. Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өтө көркөм кулктун ээси болгон.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчыгы жана мактоосу болсун): Аллахтын алдында силердин жакшырагыңар - кулк-мүнөзү жакшыңар - деп айтчу. Б.а. жакшылыкты көп кылган, жүзү жарык, эч кимге зыянын тийгизбеген жана адамдарга сылык-сыпаа мамиле кылган адам.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче Украинче الجورجية المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ыймандуу адам жаман сөз сүйлөөдөн жана жаман иштен алыс болуусу зарыл.
  2. Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү толук болчу. Ал жалаң гана жакшы амалдарды жасап, жагымдуу сөздөрдү сүйлөчү.
  3. Мүнөздүн жакшылыгы атаандаша турган иш, ким алдыга озсо, ал ыймандуулардын жакшысы жана ыйманы толугу болот.
Дагы...