عن أبي هريرة رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«قَالَ اللهُ: أَنْفِقْ يَا ابْنَ آدَمَ أُنْفِقْ عَلَيْكَ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 5352]
المزيــد ...

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Аллах Таала: "О, Адам баласы! Нафака бер, сага да нафака беремин" деген".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 5352]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын: "О, Адам баласы, важиб жана мустахаб болгон нафакаңды бергин. Ошондо сага ырыскыңды кеңейтем, сенин бергениңдин ордуна берем жана аны сага берекелүү кылам" - дегенин кабарлаган.

Хадистин пайдалары

  1. Аллах жолунда садака жана нафака берүүгө кызыктырат.
  2. Кайрымдуулук кылып каржылоо ырыскынын берекелүү болуусунун, көбөйүүсүнүн жана пенденин бергенине Аллахтын кайтарып берүүсүнүн негизги себеби.
  3. Бул хадис пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинен риваят кылган хадистерден. Мындай хадистер кудсий же илахий хадис деп аталат. Анын айтылышы жана мааниси Аллахтан, бирок кудсий хадис Курандын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Мисалы, Куранды окуу ибадат экендиги, аны даарат менен кармоо, андайды эч ким жаза албастыгы, мужизалыгы ж.б.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (63)
Дагы...