+ -

عن سعد بن عبادة رضي الله عنه أنه قال:
يَا رَسُولَ اللَّهِ، إِنَّ أُمَّ سَعْدٍ مَاتَتْ، فَأَيُّ الصَّدَقَةِ أَفْضَلُ؟، قَالَ: «الْمَاءُ»، قَالَ: فَحَفَرَ بِئْرًا، وَقَالَ: هَذِهِ لِأُمِّ سَعْدٍ.

[حسن بمجموع طرقه] - [رواه أبو داود والنسائي وابن ماجه] - [سنن أبي داود: 1681]
المزيــد ...

Саад бин Убаданын (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, ал Аллахтын элчисине:
О, Аллахтын элчиси, Сааддын энеси кайтыш болду. Ал үчүн кандай садака кылсам жакшы? - дейт. Аллахтын элчиси: "Суу" - дейт. Кийин Саад кудук казып, суу чыгарып: "Бул Сааддын энеси үчүн (садака)" - деди.

- - [Сунан Абу Дауд - 1681]

Түшүндүрмө

Саад бин Убаданын (ага Аллах ыраазы болсун) энеси кайтыш болот. Ал пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) энеси үчүн кандай садака кылса жакшы болорун сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) садакалардын ичинен эң жакшысы суу экенин айтат. Кийин Саад кудук казып, суу чыгарып, аны энесинин атынан садака деп элдерге пайдаланууга берет.

Котормо: Индонезияча Сингалча Ветнамча Тагалогчо Хаусача Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Суу эң жакшы садака экени баяндалган.
  2. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Саадга сууну садака кыл деп багыт көрсөткөн. Анткени, ал учурда күн ысык, суу тартыш болуп сууга муктаждык чоң болгон. Суу чыгаруу дүйнөлүк да, акыреттик да пайдаларды алып келген.
  3. Жасалган садакалардын сообу өтүп кеткен адамдарга жетет.
  4. Саад бин Убада (ага Аллах ыраазы болсун) энесине жакшылык кылган уул болгон.
Дагы...