+ -

عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ مَسْعُودٍ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«لَيْسَ الْمُؤْمِنُ بِالطَّعَّانِ وَلاَ اللَّعَّانِ وَلاَ الفَاحِشِ وَلاَ البَذِيءِ».

[صحيح] - [رواه الترمذي] - [سنن الترمذي: 1977]
المزيــد ...

Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Бирөөлөрдүн ата тегин кемсинткен, бирөөлөргө каргыш айткан, бузук иштерди кылган, уят сөздөрдү сүйлөгөн адамдын ыйманы толук болбойт".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Ат-Тирмизи жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 1977]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: адамда төмөнкүдөй жаман сапаттары болсо, анын ыйманы толук болбойт: адамдардын ата тегин кемсинтсе, дайыма сөгүнүп каргыш айтып жүрсө, уят жаман иштерди кылып, ушундай сөздөрдү сүйлөсө.

Котормо: Индонезияча Сингалча Ветнамча Тагалогчо Хаусача Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Шарияттын тексттеринде арам иштерди жасаган же парз иштерди аткарбаган адамга гана ыйманы алсыз деп айтылат.
  2. Дене мүчөлөрдү, айрыкча, тилди зыян берүүдөн сактоо зарыл.
  3. Ас-Синдий минтип айтат: Бирөөнүн тегин кемсинтүү жана каргыш айтуу деген эки сыпаттын күчөтмө мааниде айтылганы, мындайга ылайыктуу болгон адамдарга карата кээ-кээде, аз-аз айтылса, мындайды айткан адамды ыймандуу деп сыпаттоого зыянын тийгизбейт.
Дагы...