عن أنس بن مالك رضي الله عنه:
أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ لَا يَرُدُّ الطِّيبَ.

[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 2582]
المزيــد ...

Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жыттуу атырлар (белекке берилсе) кайтарбайт эле.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 2582]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөт жолдорунун бири - ага жыттуу нерсе белек берилсе аны кайтарбай алганы. Анткени, аны алып жүрүү жеңил жана жыты сонун.

Хадистин пайдалары

  1. Белекке берилген жыттуу нерсени кабыл кылуу жакшы.
  2. Жыттуу нерсени кайтарбаганы жана берилген белекти кабыл кылганы пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзүнүн жакшылыгы жана толуктугу.
  3. Жыттуу атырларды колдонууга кызыктыруу.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (63)
Дагы...