+ -

عَنْ جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللهِ رضي الله عنهما أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«اتَّقُوا الظُّلْمَ، فَإِنَّ الظُّلْمَ ظُلُمَاتٌ يَوْمَ الْقِيَامَةِ، وَاتَّقُوا الشُّحَّ، فَإِنَّ الشُّحَّ أَهْلَكَ مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ، حَمَلَهُمْ عَلَى أَنْ سَفَكُوا دِمَاءَهُمْ وَاسْتَحَلُّوا مَحَارِمَهُمْ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2578]
المزيــد ...

Жаабир бин Абдуллах (аларга Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Зулумдуктан сактангыла! Себеби зулумдук - кыяматтагы караңгылык. Ач көздүктөн сактангыла! Анткени, силерден мурдагылар ач көздүктүн айынан кыйроого учураган. Ач көздүк аларды кан төгүүгө, арамды адал кылууга түрткөн".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2578]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) зулумдук кылуудан тыйып, эскерткен. Зулумдук: адамдарга зулум кылуу, өзүнө-өзү зулум кылуу жана Аллах Тааланын акысында зулум кылуу (болуп бөлүнөт). Зулумдук - бул, ар бир акы ээсине акысын бербей койуу. Адамдын кылган зулумдук кыямат күнү анын башына кыйынчылык жана оор абалдар менен коштолуп каран күн түшүрөт. Ошондой эле ач көздүктөн тыйган. Ач көздүк бул суктук жана сараңдык. Мал-мүлккө тиешелүү бирөөлөрдүн акысын бербей коюу, дүнүйөгө өтө берилип суктук кылууда ач көздүккө кирет. Зулумдуктун ушул түрү бизден мурда жашап өткөн кээ бир коомдорду кыйратып жок кылган, аларды бири-бирин өлтүрүүгө түрткөн, Аллах арам кылган нерселерди адалдаштырууга алып барган.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Оромочо Каннадача الولوف Украинче الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Мал-мүлктөн каралашуу, бир туугандар менен тең бөлүшүү, бири-бирин жакшы көрүүгө жана байланышты бекемдөөгө себеп болот.
  2. Сараңдык жана ач көздүк бузукулукка, ката кетирүү жана күнөө кылууга алып барат.
  3. Мурда жашап өткөн үммөттөрдүн абалын да этибарга ала жүрүү зарыл.
Дагы...