عن أبي هريرة رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«لَيْسَ شَيْءٌ أَكْرَمَ عَلَى اللهِ تَعَالَى مِنَ الدُّعَاءِ».

[حسن] - [رواه الترمذي وابن ماجه وأحمد] - [سنن الترمذي: 3370]
المزيــد ...

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Аллах таала үчүн дубадан артык эч нерсе жок».

[Хасан (жакшы)] - [Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 3370]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ибадаттарда Аллах Тааланын алдында дубадан артык эч нерсе жок экенин баяндады. Анткени Аллахка дуба кылууда Аллахтын эч кимге муктаж эместигин, пенде алсыз экенин жана пенде Аллахка муктаж экендиги билинет.

Хадистин пайдалары

  1. Дуба кылуунун пазилети чоң. Кимде-ким Аллахка дуба кылса, анда ал Аллахты улуктайт, Анын муктаж эмес экенин жана муктажга дуба кылынбастыгын тастыктайт. Жана Ал Аллах Угуучу, ошондуктан дүлөйгө дуба кылынбастыгын тастыктайт. Ал Аллах Берешен, ошондуктан сараңга дуба кылынбастыгын тастыктайт. Ал Аллах Мээримдүү, ошондуктан таш-боорго дуба кылынбастыгын тастыктайт. Ал Кудуреттүү, ошондуктан алсызга дуба кылынбастыгын тастыктайт. Ал Аллах баарына жакын, ошондуктан алыстагылар укпастыгын ж.б. Аллахтын улуулугун жана Аллахтын сулуулугун сыпаттаган сыпаттарын тастыктайт.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (67)
Дагы...