+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«كَلِمَتَانِ خَفِيفَتَانِ عَلَى اللِّسَانِ، ثَقِيلَتَانِ فِي الْمِيزَانِ، حَبِيبَتَانِ إِلَى الرَّحْمَنِ: سُبْحَانَ اللهِ الْعَظِيمِ، سُبْحَانَ اللهِ وَبِحَمْدِهِ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Тилге жеңил, таразада оор жана Ырайымдуу (Аллахка) сүйүктүү болгон эки сөз бар. Ал: «Субханаллахиль-азыими, Субханаллахи уа бихамдихих».

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, адам эч кыйынчылыксыз, ар кандай абалда да айта турган эки сөздү, алардын таразада чоң сооптуу экенин жана Раббибиз, Мээримдүү, Улуу Аллах Таала аларды жакшы көрөрүн айтты. Алар:
«Субханаллахиль-азиим, Субханаллахи уа бихамдихих». Бул эки сөз Аллахтын улуу жана кемчиликсиз деген сыпаттарын жана Улуу Аллах Тааланын бардык кемчиликтерден аруу экенин камтып алган сөз.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Эң улуу зикир – анда Аллахка мактоо-шүгүр айтуу жана Аны бардык айып-кемчиликтерден аруулоо чогуу келет.
  2. Аллахтын пенделерине болгон ырайымынын кеңдиги баяндалып жатат.