+ -

عن النعمان بن بَشِير رضي الله عنه قال: سمعت النبيَّ صلى الله عليه وسلم يقول:
«الدُّعَاءُ هُوَ الْعِبَادَةُ»، ثُمَّ قَرَأَ: «{وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ} [غافر: 60]».

[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي وابن ماجه وأحمد] - [سنن الترمذي: 3247]
المزيــد ...

Ан-Нуман бин Башир, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте ал айтты: «Мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум:
«Дуба – бул ибадат» – деп айткан соң (Курандын бул аятын) окуду: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин. Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар кор болгон абалда тозокко киришет». (Гафир, 60-аят)

[Сахих (ишенимдүү)] - [Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 3247]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, дуба ибадат экенин кабар берди. Дуба жалаң гана Аллах үчүн болушу керек. Мейли ал дуба сурануу жана талап кылуу дубасы болсун, Аллах Тааладан өзүнө пайда алып келе турган нерсени суроо менен жана бул дүйнөдө жана акыретте зыян келтирүүчү нерселерден коргоонуну талап кылуу менен болот. Мейли ал дуба ибадат дубасы болсун, жалаң гана Аллах үчүн болушу керек. Ибадат дубасы - бул Аллах Таала сүйгөн жана ыраазы болгон бардык сөздөр жана иш-аракеттер, сырткы жана ички иш-аракеттер жана жүрөктүн ибадаттары, дененин ибадаттары жана мал-мүлк менен болгон ибадарттар болуп саналат.
Андан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ушуга Аллах Тааланын бул сөзүн далил кылды: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин. Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар кор болгон абалда тозокко киришет».

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Дуба бул ибадаттын негизи. Аллахтан башкага дуба кылууга болбойт.
  2. Дуба - чыныгы кулчулук экенин, Аллахтын эч кимге муктаж эместигин, Анын кудуреттүү экенин жана пенденин Ага гана муктаждыгын моюнга алууну камтыйт.
  3. Катуу азап – бул Аллахка ибадат кылуудан жана Ага дуба кылууну таштап текеберленген адамдардын жазасы. Аллахка дуба кылуудан текеберленгендер тозокко кор болгон абалда жана жийиркеничтүү абалда киришет.