+ -

عَنْ أَنَسٍ رضي الله عنه قَالَ:
كَانَ أَكْثَرُ دُعَاءِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «اللَّهُمَّ رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً، وَفِي الآخِرَةِ حَسَنَةً، وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көп кылган дубасы: "Роббана аатинаа фид-дуня хасана, ва фил аахироти хасана, ва кынаа азаабан-наар" деген дуба эле.

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көптөгөн дубаларды камтыган дубаларды көп кылчу, ошолордун бири: "О, Жараткан, бизди бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылыктан куру калтырба жана тозок азабынан сакта" Бул дуба дүйнө жакшылыктарын, адалдан болгон кенен ырыскыны, салиха аялды, көзүңду кубанткан ыймандуу баланы, ырахатты, пайдалуу илимди, ийги иш-амалдарды жана башка жакшы жана мубах иштерди суранууну өз ичине камтыйт. Ошондой эле акыреттин жакшылыктарын, кабырдагы, эсеп-кысап учурундагы, тозоктогу азаптардан сактоону, Аллахтын ыраазылыгына жетүүнү, даярдалган нээмат-жакшылыктарга ээ болууну, Ырайымдуу Раббибизге жакын болууну суранууну да ичине камтыйт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өрнөк алып, жалпы жакшылыкты камтыган дубаларды кылуу жакшы.
  2. Дубанын эң толугу - дүйнө жана акыреттин жакшылыктарын бирге сурап дуба кылуу.
Дагы...