عَنْ ‌عَدِيِّ بْنِ حَاتِمٍ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«الْيَهُودُ مَغْضُوبٌ عَلَيْهِمْ، وَالنَّصَارَى ضُلَّالٌ».

[صحيح] - [رواه الترمذي] - [سنن الترمذي: 2954]
المزيــد ...

Адий бин Хаатимдин (Аллах андан ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Жөөттөр - алар каарга калган, христиандар болсо - адашкан".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Ат-Тирмизи жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 2954]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жөөттөр Аллах аларга каарданган коом экенин кабарлаган. Анткени, алар акыйкатты билип туруп, аны иш жүзүнө ашырган жок (ага амал кылган жок). Христиандар адашкан адамдар; анткени алар билбей эле амал кылышты.

Хадистин пайдалары

  1. Илим менен амалдын бирге болуусу - каарга калуудан да, адашуудан да сактайт.
  2. Жөөттөр менен христиандардын жолунан этият болуп, туруктуу, түз жол болгон Исламды бекем кармануу зарыл.
  3. Жөөттөр да, христиандар да, адашууда жана каарга калууда бирдей эле. Бирок жөөттөрдүн конкреттүү сыпаты - каарга калуу. Ал эми христиандардын конкреттүү сыпаты - адашуучулук.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (55)
Дагы...