عَنْ عَائِشَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا قَالَتْ:
تَلَا رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ هَذِهِ الْآيَةَ: {هُوَ الَّذِي أَنْزَلَ عَلَيْكَ الْكِتَابَ مِنْهُ آيَاتٌ مُحْكَمَاتٌ هُنَّ أُمُّ الْكِتَابِ وَأُخَرُ مُتَشَابِهَاتٌ فَأَمَّا الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ زَيْغٌ فَيَتَّبِعُونَ مَا تَشَابَهَ مِنْهُ ابْتِغَاءَ الْفِتْنَةِ وَابْتِغَاءَ تَأْوِيلِهِ، وَمَا يَعْلَمُ تَأْوِيلَهُ إِلَّا اللَّهُ، وَالرَّاسِخُونَ فِي الْعِلْمِ يَقُولُونَ آمَنَّا بِهِ كُلٌّ مِنْ عِنْدِ رَبِّنَا وَمَا يَذَّكَّرُ إِلَّا أُولُو الْأَلْبَابِ} [آل عمران: 7]. قَالَتْ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «فَإِذَا رَأَيْتِ الَّذِينَ يَتَّبِعُونَ مَا تَشَابَهَ مِنْهُ فَأُولَئِكَ الَّذِينَ سَمَّى اللهُ، فَاحْذَرُوهُمْ».
[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 4547]
المزيــد ...
Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:
«Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул аятты окуду: «Ал сага (теңдешсиз) Китеп түшүргөн Зат. Анын ичинен Китептин энеси (маңызы) болгон мухкам-анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал муташабих аяттын түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким анык билбейт. Ошондуктан терең илимдүү адамдар: «Биз Куранга ыйман келтиргенбиз. Анын аяттарынын бардыгы Раббибибизден келген» - дешет. Акылдуу адамдар гана андан эскертме алышат». (Аали Имран, 7) Андан соң Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Эгерде андагы түшүнүүгө оор болгон аяттарды өзүнүн максатына ылайыктап түшүнгөн адамдарды көрсөң, анда алар Аллах бул аятта айткан адамдар. Алардан сак бол» - деп айтты».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 4547]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Ал сага (теңдешсиз) Китеп түшүргөн Зат. Анын ичинен Китептин энеси (маңызы) болгон мухкам-анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып муташабих аяттарды ээрчишет. Ал муташабих аяттын түшүндүрмөсүн Аллахтан башка эч ким анык билбейт. Ошондуктан терең илимдүү адамдар: «Биз Куранга ыйман келтиргенбиз. Анын аяттарынын бардыгы Раббибибизден келген» - дешет. Акылдуу адамдар гана андан эскертме алышат» деген аятын окуду. Бул аятта Аллах Таала Куранды Өзүнүн Пайгамбарына түшүргөн Зат экендигин айтты. Ошондой эле анда ачык маанидеги, өкүмдөрү белгилүү жана ачык-айкын болгон аяттарды камтыганын айтты. Бул аяттар Курандын негизги өкүмдөрү жана таяна турган аяттары болуп саналат. Куранда жана башка аяттар да бар, алар бир нече мааниге ээ болушу мүмкүн, кээ бир адамдарга ал аяттардын маанилери оор келип карама-каршы маанилер чыгат деп ойлошот. Андан соң Аллах бул аяттарды түшүнүүдө адамдардын туура эмес мамилесин баяндап берди. Алардын жүрөгүндө акыйкаттан кыйшаюу бар болгонун айтты. Алар чечүүчү, ачык аяттарды ташташып эки ара мааниде болгон окшош аяттарды алышып, элди күмөнгө салып, адамдарды адаштырышат. Алар ал аяттарды өз каалоолоруна жараша чечмелөөгө умтулушат. Ал эми илимге бекем болгондор бул окшош аяттарды билишет жана аны чечүүчү аяттарга кайтарышат жана анын Аллахтан келгенине ишенишет. Алар бул аяттар түшүнүксүз же карама-каршылыктуу болушу мүмкүн эмес деп билишет. Бирок бул аяттардан бир гана тунук акылдуу адамдар сабак жана эскертме алышат. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандуулардын энеси Айшага (Аллах андан ыраазы болсун) эгерде ал окшош аяттарды ээрчигендерди көрсө, анда аларды укпай сак болууну айтты. Мына ошолор Аллах Таала: «Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгондор» - деп айткан адамдар экендигин айтты.