عَنْ ‌عَائِشَةَ رضي الله عنها:
أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ إِذَا أَوَى إِلَى فِرَاشِهِ كُلَّ لَيْلَةٍ جَمَعَ كَفَّيْهِ، ثُمَّ نَفَثَ فِيهِمَا فَقَرَأَ فِيهِمَا: {قُلْ هُوَ اللهُ أَحَدٌ}، وَ{قُلْ أَعُوذُ بِرَبِّ الْفَلَقِ}، وَ{قُلْ أَعُوذُ بِرَبِّ النَّاسِ}، ثُمَّ يَمْسَحُ بِهِمَا مَا اسْتَطَاعَ مِنْ جَسَدِهِ، يَبْدَأُ بِهِمَا عَلَى رَأْسِهِ وَوَجْهِهِ وَمَا أَقْبَلَ مِنْ جَسَدِهِ، يَفْعَلُ ذَلِكَ ثَلَاثَ مَرَّاتٍ.

[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 5017]
المزيــد ...

Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар күнү түнү уктаганда эки колун бириктирип, анан аларга үйлөп: «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөсүн окучу. Анан колдору менен башына, жүзүнө жана денесинин алдынан баштап колу жеткен жерге чейин сүртөт эле. Ал муну үч жолу кылчу.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 5017]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтү - ал уктаардан алдын, дуба кылуучу кишидей алакандарын бириктирип, өйдө көтөрүп, «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөлөрүн үч жолу окуп, оозунан бир аз шилекейи менен кошо алакандарына үйлөчү. Башынан, бетинен, денесинин алдыңкы бөлүгүнөн баштап алакандары жеткен жерге чейин денесине сүртүп чыкчу. Бул үч сүрөөнү бирден окуп алаканына үйлөп денесине сүрткөн аракетин үч жолу кайталайт болчу.

Хадистин пайдалары

  1. Уктаардан мурда Ихлас, Фалак жана Наас сүрөөлөрүн окуп, алаканына үйлөп, колу жеткен жерге чейин денесине сүртүп жатуу сүннөт иштерден.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (65)
Дагы...