عن أبي هريرة رضي الله عنه: أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«لَا تَجْعَلُوا بُيُوتَكُمْ مَقَابِرَ، إِنَّ الشَّيْطَانَ يَنْفِرُ مِنَ الْبَيْتِ الَّذِي تُقْرَأُ فِيهِ سُورَةُ الْبَقَرَةِ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 780]
المزيــد ...

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Үйүңөрдү көрүстөндөй кылып албагыла. Чынында, Бакара сүрөөсү окулган үйдөн шайтан качат".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 780]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйдө такыр намаз окубай, аны намаз окулбай турган кабырга окшотуп алуудан тыйган.
Андан кийин Бакара сүрөөсү окулуп турган үйдөн шайтан качып чыгары тууралуу кабарлаган.

Хадистин пайдалары

  1. Үйдө ибадатты, нафил намаздарды окууну көбөйтүү жакшы.
  2. Көрүстөндө жаназадан башка намаз окууга болбойт. Анткени ал ширкке алып баруучу ортомчу жана адамды чектен чыгарчу иштерден.
  3. Сахабалардын учурунда мүрзөдө намаз окууга тыюу салынганы ачык белгилүү болгон. Ошондуктан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйлөрдү намаз окулбаган мүрзө сыяктуу кылбагыла деп тыйган.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (62)
Дагы...