عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«لَأَنْ أَقُولَ: سُبْحَانَ اللهِ، وَالْحَمْدُ لِلهِ، وَلَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ، وَاللهُ أَكْبَرُ، أَحَبُّ إِلَيَّ مِمَّا طَلَعَتْ عَلَيْهِ الشَّمْسُ».
[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Субхан Аллоохи, валхамду лиллаахи, ва лаа илааха иллаллооху, валлааху акбар" деп айтуу мен үчүн күн нуру тийген нерсенин баарынан жакшы".
Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул улук сөздөр менен Аллах Тааланы зикир кылуу дүйнө жана андагынын баарынан жакшы экендигин айткан. Бул сөздөр:
"Субхан Аллоохи": Аллах Тааланы бардык кемчиликтерден таза деп аруулоо.
"Алхамду лиллаахи": Улуктоо жана махабат менен бирге Аллах Тааланы толук сыпаттары менен мактоо.
"Лаа илааха иллаллооху": Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок.
"Аллаху акбар": Бардык нерседен улук, чоң.