+ -

عَنْ جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ رضي الله عنهما أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«لَا تَعَلَّمُوا الْعِلْمَ لِتُبَاهُوا بِهِ الْعُلَمَاءَ، وَلَا لِتُمَارُوا بِهِ السُّفَهَاءَ، وَلَا تَخَيَّرُوا بِهِ الْمَجَالِسَ، فَمَنْ فَعَلَ ذَلِكَ، فَالنَّارُ النَّارُ».

[صحيح] - [رواه ابن ماجه]
المزيــد ...

Жабир бин Абдуллах, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Илимди аалымдарга мактануу үчүн жана наадандар менен талашуу үчүн ошондой эле жыйындарда өзүн көрсөтүү үчүн албагыла. Эгерде кимдир бирөө мындай кылса, анда ага тозок болсун жана тозок болсун».

Сахих (ишенимдүү) - Ибн Маажа жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, аалымдардын алдында мактануу үчүн жана мен да силердей аалыммын деп өзүн көрсөтүү үчүн илим алуудан катуу кайтарды. Ошондой эле акмактар жана жеңил ойлуу адамдар менен талашып-тартышуу максатта илим алуудан кайтарды. Жыйындарда алдыңкы катарда болууга, башкалардан артыкчылык кылуу максатта илим алуудан кайтарды. Андыктан ким мындай кылса, анда ал риякерлиги жана илим издөөдөгү ыклассыздыгы үчүн отко татыктуу болот.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Илим менен мактануу, аны менен талашып-тартышуу, же аны менен жыйындарда өзүн көрсөтүү ж.б. ушул сыяктуу максаттарда илим алган адамга катуу азап менен эскертүү болду.
  2. Илим үйрөнгөн жана үйрөткөн адамдар үчүн ниеттеги ыкластуулуктун маанилүүлүгү.
  3. Ниет – амалдардын негизи жана анын негизинде соопторго жетет.
Дагы...