+ -

عَنِ ابْنِ عُمَرَ رضي الله عنهما عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، قَالَ:
«مَثَلُ الْمُنَافِقِ، كَمَثَلِ الشَّاةِ الْعَائِرَةِ بَيْنَ الْغَنَمَيْنِ تَعِيرُ إِلَى هَذِهِ مَرَّةً وَإِلَى هَذِهِ مَرَّةً».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Ибн Умар, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Мунафыктын мисалы эки үйүрдүн арасында турган кой сыяктуу. Кээде бирисине барат, кээде экинчисине барат».

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мунафыктын абалын түшүндүрүп, эки үйүрдүн кайсынысын ээрчүүнү билбеген, эки жүздүү абалын салыштырып кетти. Кээде бул үйүргө, кээде башка үйүргө барат. Алар ыйман менен куфрдун ортосунда арсарлангандар. Алар сыртынан да, ичинен да ыймандуулар менен эмес. Сыртынан да, ичинен да каапырлар менен эмес. Тескерисинче, алардын сырткы көрүнүштөрү ыймандуулар менен, ал эми ички ишенимдери күмөндөнүү жана шектенүү менен болот. Мына ошондуктан алар кээде ыймандууларга, кээде каапырларга оошот.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир маанини элдин аң-сезимине жакындатуу үчүн ар түрдүү мисалдарды айтып түшүндүргөн.
  2. Эки жүздүү адамдын дайыма күмөндөнүүсүн жана туруксуздугун Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, айтып кетти.
  3. Мунафыктардын абалынан сактанууну эскертти. Сырткы жана ички абалдарда ыйманда чынчыл жана чечкиндүү болууга чакырды.