+ -

عَنِ ابْنِ عُمَرَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا قَالَ:
حَفِظْتُ مِنَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَشْرَ رَكَعَاتٍ: رَكْعَتَيْنِ قَبْلَ الظُّهْرِ، وَرَكْعَتَيْنِ بَعْدَهَا، وَرَكْعَتَيْنِ بَعْدَ المَغْرِبِ فِي بَيْتِهِ، وَرَكْعَتَيْنِ بَعْدَ العِشَاءِ فِي بَيْتِهِ، وَرَكْعَتَيْنِ قَبْلَ صَلاَةِ الصُّبْحِ، وَكَانَتْ سَاعَةً لاَ يُدْخَلُ عَلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِيهَا، حَدَّثَتْنِي حَفْصَةُ أَنَّهُ كَانَ إِذَا أَذَّنَ المُؤَذِّنُ وَطَلَعَ الفَجْرُ صَلَّى رَكْعَتَيْنِ، وَفِي لَفْظٍ: أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يُصَلِّي بَعْدَ الْجُمُعَةِ رَكْعَتَيْنِ.

[صحيح] - [متفق عليه بجميع رواياته]
المزيــد ...

Ибн Умар (атасы экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат:
"Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он ирекет намазын эстеп калдым : бешимден мурда эки ирекет, бешимден кийин эки ирекет окуганын. Шамдан кийин үйүндө эки ирекет окуганын. Куптандан кийин да эки ирекет үйүндө окуганын. Дагы багымдат намазынан мурда эки ирекет окуганын. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанына кирбей турган да убак бар болчу. Мага Хафса да минтип айткан: Азанчы азан чакырып, таң сүргөндө (пайгамбар) эки ирекет намаз окучу. Башка риваятта: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума намазынан кийин эки ирекет намаз окур эле - деп келген.

Сахих (ишенимдүү) - Бардык айтымдарынын ишенимдүүлүгүнө макулдашылган.

Түшүндүрмө

Абдуллах бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эстеп калган, сунан раватиб деп аталган напил намаздар он ирекет экенин баяндайт. Эки ирекет бешимден мурда, эки ирекет андан кийин. Шамдан кийин үйүндө эки ирекет. Куптандан кийин үйүндө эки ирекет. Багымдаттан мурда эки ирекет. Ушуну менен он ирекет болду. Ал эми жума намазынан кийин эки ирекет окуган.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бул раватиб намаздарды ар дайым окуп жүрүү жакшы көрүлгөн амалдардан.
  2. Сүннөт намаздарды үйдө окуу шариятка ылайык.