عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ عُمَرَ رضي الله عنهما قَالَ: كَانَ مِنْ دُعَاءِ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«اللهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ زَوَالِ نِعْمَتِكَ، وَتَحَوُّلِ عَافِيَتِكَ، وَفُجَاءَةِ نِقْمَتِكَ، وَجَمِيعِ سَخَطِكَ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2739]
المزيــد ...
Абдулла бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дубаларынын бир ушундай эле:
"Оо, Аллахым! Мен Сенин жакшылыктарыңдын жок болуп кетүүсүнөн, аманчылыгыңдын алмашып кетүүсүнөн, кокустан келген азабыңдан жана Сенин газабыңа себеп болуучу бардык нерселерден Өзүңдүн жардамың менен коргоном".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2739]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төрт нерседен коргоосун сураган:
Биринчиси: "Аллахым, мен Сенин жакшылыктарыңдын жок болуп кетүүсүнөн сактоону суранам". Диний жана дүйнөлүк жакшылыктардын, ошондой эле Исламда бекем туруу жакшылыгынын жок болуп кетүүсүнөн сактоону жана жакшылыкты жок кыла турган күнөө иштерден алыс кылууну суранам.
Экинчиси: "Аманчылыгыңдын алмашып кетүүсүнөн..." анын балээ-кырсыктарга алмашып кетүүсүнөн сактоону суранам. Оору-сыркоодон саламаттыкты, аманчылыгыңдын дайыма болуп туруусун суранам.
Үчүнчү: "Кокустан келген азабыңдан..." балээ, кыйынчылык болуп келип калуусунан сактоону суранам. Эгерде азап жана жаман акыбет кокустан келип калса, тообо кылууга убакыт болбой калат. Мындайдагы кыйынчылык оор жана катуу болот.
Төртүнчү: "Каарыңдын келүүсүнөн..." Сенин каарыңдын келүүсүнө себеп болчу иштерден сактоону суранам. Анткени, Сен кимге каардансаң, ал кор болуп, ийгиликсиздикке учурайт.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул хадисинде да баарын камтыган сөздү: Аллахтын каарына себеп боло турган ишеним, амал жана сөздөр тууралуу айткан.