+ -

عَنْ عَلِيٍّ رضي الله عنه قَالَ:
كُنْتُ رَجُلًا مَذَّاءً وَكُنْتُ أَسْتَحْيِي أَنْ أَسْأَلَ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لِمَكَانِ ابْنَتِهِ فَأَمَرْتُ الْمِقْدَادَ بْنَ الْأَسْوَدِ فَسَأَلَهُ فَقَالَ: «يَغْسِلُ ذَكَرَهُ وَيَتَوَضَّأُ». وَلِلبُخَاريِّ: فَقَالَ: «تَوَضَّأْ وَاغْسِلْ ذَكَرَكَ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Али (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Мен маази суусу көп аккан киши элем. Анын күйөө баласы болгонум үчүн пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (бул тууралуу) суроодон уялып жүрдүм. Анан Микдад бин ал-Асвадды сурап келүүгө жибердим. (Сураса), ал: "Аспабын жууп, анан даарат алат" - дептир. Бухариде: "Даарат ал жана аспабыңды жуу" - деп келген.

Сахих (ишенимдүү) - Бухари жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Али бин Абу Талиб (ага Аллах ыраазы болсун) ал маази суусу көп аккан киши болгонун айтат. Маази суусу - ак түстө, суюк, илешкээк суу, ышкы кумары козголгондо же жыныстык катнаштан мурда агып чыгат. Ал маази суусу агып чыккандан кийин эмне кылуу керектигин билбей, ал тууралуу пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) суроодон уялат. Анткени аялы Фатима пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кызы эле. Анан ал тууралуу пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурап келүүнү Микдад бин ал-Асваддан суранат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Аспабын жууп анан даарат алсын - деп жооп берет.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Алинин (ага Аллах ыраазы болсун) артыкчылыгы белгилүү болот, анын уялуусу ортомчу аркылуу болсо да суроодон тыйган жок.
  2. Фатва суроодо бирөөнү жиберүү жайыз.
  3. Көпчүлүктүн пайдасы үчүн өзү тууралуу уяттуу нерсени айтуу жайыз.
  4. Маази суусу булганыч (нажас), ал жуккан денени жана кийимди жуу керек.
  5. Маази суусунун чыгуусу дааратты бузуучулардын бири.
  6. Эркектик мүчөнү жана эки жумуртканы жуу важыб, бул тууралуу башка хадисте айтылган.