عن عبد الله بن عمرو رضي الله عنهما أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«الدُّنْيَا مَتَاعٌ، وَخَيْرُ مَتَاعِ الدُّنْيَا الْمَرْأَةُ الصَّالِحَةُ».
[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...
Абдуллах бин Амр (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Дүйнө убактылуу ырахаттардан турат. Дүйнө ырахатынын эң жакшысы саалиха аял".
Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул дүйнө андагы нерселер убактылуу пайдаланылып, анан жок болуп кете тургандыгын айткан. Ошол пайдалана турган нерселердин эң абзели салиха аял: күйөөсү анын жүзүнө караса кубантат, бир нерсеге буйруса баш ийет, күйөөсү жокто анын мал-мүлкүн жана өзүнүн абийирин таза сактайт.