+ -

عَنْ عَلِيٍّ رضي الله عنه:
أَنَّ فَاطِمَةَ رَضيَ اللهُ عنْها أَتَتِ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ تَشْكُو إِلَيْهِ مَا تَلْقَى فِي يَدِهَا مِنَ الرَّحَى، وَبَلَغَهَا أَنَّهُ جَاءَهُ رَقِيقٌ، فَلَمْ تُصَادِفْهُ، فَذَكَرَتْ ذَلِكَ لِعَائِشَةَ، فَلَمَّا جَاءَ أَخْبَرَتْهُ عَائِشَةُ، قَالَ: فَجَاءَنَا وَقَدْ أَخَذْنَا مَضَاجِعَنَا، فَذَهَبْنَا نَقُومُ، فَقَالَ: «عَلَى مَكَانِكُمَا» فَجَاءَ فَقَعَدَ بَيْنِي وَبَيْنَهَا، حَتَّى وَجَدْتُ بَرْدَ قَدَمَيْهِ عَلَى بَطْنِي، فَقَالَ: «أَلاَ أَدُلُّكُمَا عَلَى خَيْرٍ مِمَّا سَأَلْتُمَا؟ إِذَا أَخَذْتُمَا مَضَاجِعَكُمَا -أَوْ أَوَيْتُمَا إِلَى فِرَاشِكُمَا- فَسَبِّحَا ثَلاَثًا وَثَلاَثِينَ، وَاحْمَدَا ثَلاَثًا وَثَلاَثِينَ، وَكَبِّرَا أَرْبَعًا وَثَلاَثِينَ، فَهُوَ خَيْرٌ لَكُمَا مِنْ خَادِمٍ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 5361]
المزيــد ...

Али (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат:
Аллахтын элчисине кулдар алынып келгенин угуп Фатима жаргылчак тарткандан кабарып кеткен колун көрсөтүп, арызданып кызматчы сурамакчы болуп барат. Фатима барса Пайгамбарыбыз жок болот. Анан келген максатын Айшага айтып кайра кетет. Аллахтын элчиси келгенде Айша ага Фатиманын келгенин айтат. Али айтат: Биз эми уйкуга жатканыбызда, Аллахтын элчиси келип калды. Ордубуздан турмакчы болсок, ал: "Ордуңарда жата бергиле" - деди. Анан Фатима экөөбүздүн ортобузга келип отурду. Жакын отургандыктан, тамандарынын суугу ичиме билинип турду. Анан: " Силер сураганга караганда жакшыраак нерсени айтайынбы? Уйкуга жатарыңарда отуз үч жолу тасбих, отуз үч жолу тамхид, отуз төрт жолу такбир айткыла. Бул силер үчүн кызматчыга караганда жакшырак" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 5361]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыздын кызы Фатима жаргылчак тарткандан колдору кабарып кеткенин айтып, атасына арызданып келет. Ошол учурда пайгамбарыбызга туткунга түшкөн кулдар алынып келген эле. Үй иштерин аткартуу үчүн ошол туткундардан бир кызматчы сурамакчы болуп барат. Бирок пайгамбар үйдө жок болот. Айшага жолугуп, ага келген себебин айтып кайра кетет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенде, Айша ага Фатима кызматчы сурап келгенин айтат. Фатима менен Али уйкуга жаткан учурда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын үйүнө келет. Алардын ортосуна өтө жакын отургандыктан, Али анын бутунун суугу ичине өтүп жатканын сезет. Анан мындай дейт: Силер сураган кызматчыга караганда силерге пайдалуураак нерсени айтайынбы? Ооба, айтыңыз дешет алар. Ал мындай дейт: Түндө уйкуга жатканыңарда "Аллаху акбар" деп отуз төрт жолу такбир айткыла. "Субхан Аллах" деп отуз үч жолу тасбих айткыла. "Алхамду лиллаах" деп, отуз төрт жолу тахмид (мактоо) айткыла. Мына ушул зикр сөздөр силерге кызматчыга караганда жакшы.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бул берекелүү зикрди такай айтып жүрүү жакшы. Айтымда, Али (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбардын бул осуятын зикрди эч калтырбай такай айтып жүргөн, алтургай, Сиффин согушу болгон түнү да айткан.
  2. Бул зикрлер түнкү уйкуга жатарда гана айтылат. Имам Муслимдин китебинде Муаз (ага Аллах ыраазы болсун) Шуубадан риваят кылган хадисте: "Түндө төшөккө жаткан учуруңарда..." деп айтылган.
  3. Эгерде жаткан учурда айтпай унутуп калып кийин түн ортосунда эсине түшсө, айтып койсо эч нерсе эмес. Анткени, али (ага Аллах ыраазы болсун) Сиффин согушу болгон түнү зикрди айтууну унутуп калып, кийин таңга жуук эсине түшкөндө айтканы белгилүү.
  4. Мухлаб минтип айтат: Бул хадисте үй-бүлө башчысы өзү каалаган дүйнө кызыкчылыгына караганда акырет кызыкчылыгын алдына коюуну үй-бүлөсүнө да каалап, аларды ушуга үндөө керектиги айтылган. Эгер алар ушуну аткарууга чамасы жетсе.
  5. Ибн Хажар Аскалани минтип айткан: Ким бул зикир сөздөрдү дайыма айтып жүрсө, анда ал адамга иштин көптүгү зыянын тийгизбейт, чарчаса да кыйналбайт.
  6. Ал-Айни минтип айткан: Зикр кызматчыдан жакшы дегенден максат, зикр акырет үчүн, ал эми кызматчы дүйнө үчүн. Акырет түбөлүктүү жана жакшы. Же минтип айтуудан максат, ушул зикр аркылуу күч-кубат алып, кызматчы аткарганга караганда көбүрөк ишти өздөрү эле аткарышы мүмкүн.
Дагы...