+ -

عَن عبدِ اللهِ بن خُبَيب رضي الله عنه أنه قال:
خَرَجْنَا فِي لَيْلَةٍ مَطِيرَةٍ وَظُلْمَةٍ شَدِيدَةٍ، نَطْلُبُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ؛ يُصَلِّي لَنَا، قَالَ: فَأَدْرَكْتُهُ، فَقَالَ: «قُلْ»، فَلَمْ أَقُلْ شَيْئًا، ثُمَّ قَالَ: «قُلْ»، فَلَمْ أَقُلْ شَيْئًا، قَالَ: «قُلْ»، فَقُلْتُ: مَا أَقُولُ؟ قَالَ: «{قُلْ هُوَ اللهُ أَحَدٌ} وَالْمُعَوِّذَتَيْنِ حِينَ تُمْسِي وَتُصْبِحُ ثَلَاثَ مَرَّاتٍ، تَكْفِيكَ مِنْ كُلِّ شَيْءٍ».

[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي والنسائي]
المزيــد ...

Абдуллах бин Хубайб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Катуу жамгыр жаап, көзгө сайса көрүнгүс караңгы болгон түнү чогуу намаз окуу үчүн Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп бардык. Анан аны таптым. Ал: "Оку" - деди. Мен эч нерсени окубадым. Ал дагы: "Оку" - деди. Мен дагы эле эч нерсе дебедим. Ал: "Оку" - деди. Эмнени окуюн - дедим. Ал: "Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" - деди.

Сахих (ишенимдүү) - Ат-Тирмизи жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Улуу сахаба Абдуллах бин Хубайб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: алар жамгырлуу, караңгы түндө аны менен бирге намаз окуу үчүн пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) издеп барышат да, аны табышат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Айт" б.а. оку - дейт. Ал эч нерсени окубайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөзүн кайталайт. Абдуллах: О, Аллахтын элчиси, эмнени окуйун? - дейт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Ихлас сүрөсүн (кул хуваллааху ахад), сактоочу эки сүрө (Кул ауузу бироббил фалак), (Кул ауузу бироббин наас) сүрөлөрүн эртең менен жана кечинде үч жолудан окусаң, бардык жамандыктан сактап, жаман иштен коргойт - дейт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ихлас жана эки коргоочу сүрөнү эртең менен жана кечинде окуу жакшы, анткени бардык жамандыктан калканч болот.
  2. Ихлас жана эки коргоочу сүрөнү окуу артыкчылыктуу иштерден.
Дагы...